Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен Ош ШИИБнин башчысы Мурат Боронов 32 жашында каза болгон Чыңгызбек Оморовдун үй-бүлөсүнөн кабар алып, жакындарына көңүл айтышты. Бул тууралуу аталган шаардын муниципиалдык иш-канасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чыңгызбек Оморов ИИМдин жол кыймылынынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын Ош шаары боюнча бөлүмүндө взвод командири болуп турган.
Ал милициянын ага лейтенанты. Артында 2 кыз, 1 уулу калды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн