Жакынкы күндөрү "Temirov Live" порталы Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Бишкекте байлардын шаарчасында "хан сарай" салып жатат деген иликтөөсүн жарыялаган. Буга байланыштуу "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттиги мэрдин басма сөз катчысы Азамат Апсатаровго кайрылып, комментарий алды.
Басма сөз катчынын маалыматына таянсак, Сарыбашевдин бир тууган эжеси жолдошу менен бир нече жылдан бери ишкерлик менен алектенет. Алар Бишкекте үй салып жатканы чын. Бирок ал видеодо тартылган үй эмес.
"Мындан сырткары, Алай районунун Гүлчө айылындагы үйдү Таалайбек Сарыбашев бир туугандары менен биргеликте ата конушу катары оңдоп жатат. Ал үй-бүлөнүн ата конушуна болгон сыйы",- деп билдирди мэрдин басма сөз катчысы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн