Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов кызматтан алынабы?

18.05.2021 17:08
1061
Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов кызматтан алынабы?

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматынан алынат деген маалыматтар жергиликтүү сайттарда жана социалдык тармактарда тарады. Буга байланыштуу "Медиа центр" агенттиги мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсатаровго кайрылып маалыматты тактадык. 


Анын айтымында, мэр Сарыбашов бүгүнкү күндө штаттык режимде ишин алып барууда. 


"Биз жергиликтүү басылмаларда тараган маалыматтан кабарыбыз бар. Бирок расмий түрдө билдирип коёюн Таалайбек Сарыбашов кадимки штатта  ишин алып барууда. Социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Эгер бир маалымат болсо өзүбүз расмий түрдө билдиребиз",- деди Абсатаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн