Аяк оона 10, 2025
Убакыт: 15:22
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.030
1.065

Оштун мэри көмүр базаларын шаардан сыртка көчүрүүнү тапшырды

10.09.2025 11:49
18
Оштун мэри көмүр базаларын шаардан сыртка көчүрүүнү тапшырды


Оштун мэри көмүр базаларын шаардан сыртка көчүрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүн, эртең мененки рейддик кыдыруунун алкагында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Раззаков көчөсүндө жайгашкан көмүр базаларга күтүүсүз текшерүү жүргүгөн.


Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр көмүрдүн калдыктары майдаланып, чаңга айланып жатканын жана чоң жүк ташуучу унаалар аркылуу бул чаң шаардын ичине, айрыкча жаңы асфальт төшөлгөн жолдорго чачылып, булгап жатканын белгиледи. Анын айтымында, мындай көрүнүш экологияга жана шаар инфраструктурасына терс таасирин тийгизүүдө.


Мэр көмүр базаларынын шаар ичинен сырткы аймактарга көчүрүлүшү керектигин айтып, базалардын ээлерине расмий эскертүү берди. 

Ошондой эле, бул маселени чечүү үчүн тиешелүү шаардык кызматтарга тапшырма жүктөлдү.


Эске салсак, көмүр базаларынан жай мезгилинде чаң көтөрүлүп, кышында ылай жана кир шаар жолдорун булгап жатканы боюнча шаар тургундары да буга чейин нааразычылыктарын билдирип келишкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн