Бугу 03, 2024
Убакыт: 11:15
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Оштун мурдагы мэри Ош шаарынын күнү менен куттуктады

05.10.2021 10:09
700
Оштун мурдагы мэри Ош шаарынын күнү менен куттуктады



Ош шаарынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын күнү менен шаардыктарды куттуктады. Бул тууралуу Азамат Абсаттаров билдирди.


“Урматтуу Ош шаарынын жалпы тургундары жана коноктору!Баарыңыздарды сүйүктүү шаарыбыздын күнү менен куттуктайм. Байыркы тарыхы, кайталангыс маданияты бар Ош шаарыбызда дайым тынчтык болсун. 3021 жыл ичинде Ош шаары өзүнүн тарыхын жазган. Дүйнө коомчулугу Ош шаарын байыркы, тарыхий шаар экенин билип, Сулайман тоосуна зияратка келишет. Жараткан шаарыбызды кооз, берекелүү кылып жасагандай. Мен үчүн Ош шаары ыйык. Насип кылып Ош шаары үчүн 3 жыл кызмат кылдык. 3 жыл ичинде Ош шаары мени тарбиялады, такшалтты, сындан өткөрдү. Ош шаары мага көп нерселерди үйрөттү. 


Ош шаары берекенин, достуктун, ынтымактын, тынчтыктын, билимдин, сүйүүнүн шаары. 3 жыл ичинде Ош шаарында мүмкүнчүлүккө жараша социалдык объектилерге басым жасалып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен балдар бакчалары курулду. Шаардыктар үчүн эс алуучу жайлар салынып, эң негизгиси шаарда мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөш башталган. Шаарды ашыкча курулуштардан тазалап, ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл болчу. Курулуштар, ички жолдор каражатка жараша оңдолуп, ишкерлер менен биргеликте калкты жумуш орун менен камсыздоо боюнча аракеттер көрүлдү. Ак-Буура дарыясын көрктөндүрүү долбоору башталды. Жеке ишкерлер инвестиция тартып, шаарыбыз өнүгүүгө багыт алды. Көйгөй көп. Биз да чечүүгө аракет кылдык. Азыркы шаар башчысы да командасы менен шаардын көйгөйлүү маселелерин чечүүнүн үстүндө иштеп жатат. 

Урматтуу шаардыктар! Биз шаарыбыз үчүн али далай кызмат кылабыз. Ишке ашыра албай калган иштерибиз бар. Алдыга койгон максаттарыбыз бар. Демек Ош шаары үчүн жасай турган иштер көп. 

Ош шаарыбыз өнүккөн шаарлардын катарын толукташына ишенем! 

Майрамыңыздар менен!”.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн