Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Отставкадагы майор Тентимишов: Вирус милиция кызматкерлерин да сынап өттү (маек)

02.06.2020 10:11
1180
Отставкадагы майор Тентимишов: Вирус милиция кызматкерлерин да сынап өттү (маек)


Нарын облусунун аймагында киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, кесиптештерине моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү боюнча отставкадагы милиция кызматкерлери жардам берип келишти. Алардын катарында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы майору Жолдошбек Тентимишов коронавирус илдетинин мындан ары жайылып кетишине жол бербөө жана алдын алууда берилген жардамдар тууралуу айтып берди.


- Бул тумоого каршы күрөшүү боюнча кандай иштерди аткардыңыздар?


- Нарын облустук ички иштер органдарынын ардагерлер кеңештери бүгүнкү күндө вирус боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланган күндөн баштап, жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында түзүлгөн посттордо күнү-түнү өз өмүрлөрүн тобокелге салып, тикесинен тик туруп кызмат кылган кызматкерлерге жолугуп, ардагерлер өздөрү чогулткан акча каражаттарынын эсебинен атайын коргонуучу каражаттарын: бет кап, кол кап тапшырылып, ысык тамак-аш менен камсыздашты.


- Милиция кызматкерлери күнү-түнү калктын коопсуздугу үчүн өз өмүрлөрүн тобокелге салышты. Бул туурасында дагы эмнелерди айта аласыз?


- Чындыгында эле Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда коменданттык саат киргизилип, жарандарга сыртка чыгууга тыюу салуулар болуп жатты. Мындай учурда айрымдар баш ийбей,  жугуштуу ооруга кайдыгерлик менен мамиле кылып жатышты. Милиция кызматкерлерине да бир топ эле түйшүктү алып келишти. Бирок биздин кызматкерлер Теңир-Тоо элинин жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бет кап таратып, учурдагы абалды тартип, тазалык жана ынтымак менен жеңели деген аруу тилек менен иштеп жатышты. 


- Теңир-Тоо жеринде эпидемиологиялык кырдаал дагы деле курч. Сиздин оюңуз боюнча учурдагы кырдаалда жарандар менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы мамиле кандай?


- Коменданттык саат 1-майда алынды. Жарандар өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн дагы тиешелүү өздүк гигиеналык талаптарды аткарып жатышат. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери дагы деле түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүүдө. Тилекке каршы бүгүнкү күндө биздин кызматкерлер да бул ооруга чалдыгышты. Бирок ошол кызматкерлер өз убагында даарыланып, обсервациядан чыгып кайра катарга кирип өз милдеттерин аткарып жатышат. Алар толук маалыматка ээ болгондуктан өз жакындарына жолобой, бул дартты жуктурушкан эмес.


- Бул дарт өлкөбүзгө келгенден кийин милиция кызматкерлерине кандай милдеттер жүктөлдү?


- Милиция кызматкери элибиздин коопсуздугу, саламаттыгы үчүн ак ниет менен кызмат кылууга милдеттүү экендигин белгилөө менен, өздөрүнүн ден соолугун сактоого да кам көрүүсү зарыл экенин билишти. Ошондой эле өлкөбүздө болуп жаткан жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алуу максатында Нарын облустук ички иштер башкармалыгы жана шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн ардагерлери четте калбастан, өз мекенибизге катардагы кызматкерлер менен бирдикте элибизге кызмат кылууга дайым даярбыз. Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган бул оору милиция кызматкерлерин да сынап өттү.


Нарын ОИИБ басма сөз кызматы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн