Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 00:11
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Оттон, оорудан, душмандан, анан карыздан этият болуш керек

28.05.2024 10:16
132
Оттон, оорудан, душмандан, анан карыздан этият болуш керек


Өлүм эски карыз сыяктуу: аны эртеби-кечпи баары бир төлөш керек.

(Альберт Эйнштейн)


Адегенде карыз сурайсың, анан кайыр-садага сурап каласың.

(Эрнест Хемингуэй)


Достук ушундай ыйык, таттуу нерсе, аны карыз сурабай гана сактап калса болот.

(Марк Твен)


Карыз берген кишинин эстутуму алган кишиникине караганда кыйла жакшыраак болот.

(Бенджамин Франклин)


Карыз берсең күбөлөрдүн көзүнчө бер, белек берсең эч кимге көрсөтпөй бер.

(Еврей накылы)


Карыз алган мойнуна таш байлап сүзгөндөй эле кеп.

(Роберт Хайнлайн)


Карыз деле ор сыяктуу: ага түшүп кетүү оңой, чыгыш кыйын.

(Бернард Шоу)


Мамлекетти багындыруунун эки жолу бар: биринчиси кылыч менен, экинчиси карыз менен.

(Джон Куинси Адамс)


Убакыт – акча. Көп кишилер карызын убакыт менен төлөшөт.

(Джош Биллингс)


Карызы бар адам – эркин адам эмес.

(Фредрик Бакман)


Бай кишиге карызды аз беришпейт, кедейге көп беришпейт.

(Еврей накылы)


Карыз – жакырчылыктын эң жаман түрү.

(Англис акылы)


Карызды кол менен берип, бут менен аласың.

(Орус накылы)


Бирөөнүкүн убактылуу аласың, өзүңдүкүн биротоло бересиң.

(Михаил Светлов)


Таанышың жолугуп калса, ал карыз сурай электе озунуп сурап ий.

(Али бен Марабут)


Карыз алган уят эмес. Карызыңды кайра бербей койгон уят.

(Асако Кусакабэ)


Карыз болбош үчүн сага карыз берген кишини эч качан тирүү калтырба.

(Чыңгызхан)


Мен карыз алганымды унтупайм деле, тек, кайра бергенди гана унутуп калам.

(Янина Ипохорская)


Кичине карыз карыздарды, чоң карыз душманды пайда кылат.

(Публилий Сир)


Карыз алган киши кайгыга малынат.

(Торквато Тассо)


Карыз – өмүрдү кыскартат.

(Джозеф Жубер)


Карызды канчалык аз алсаң, карыганда ошончолук тынч жашайсың.

(Игорь Валериев)


Жаныңды Кудайга, жүрөгүңдү аялдарга, кайрат-күчүңдү Ата Журтуңа арна. Ал эми ар-намысыңды эч кимге бербе.

(Генерал Корнилов)


Карыз – криминалдын бир тууганы.

(Петр Квятковский)


Жолдо жаткан таштын ниети жакшы болушу деле мүмкүн, бирок аны баары бир жолдон алып салган жакшы.

(Этель Лилиан Войнич)


Карызды бир жолу сурасаң да өмүр бою эстеп калышат.

(Сергей Шиповник)


Карызды убагында берген – абийир менен намыстын иши, кечиктирип берген – уяттын иши.

(Юрий Зарожный)


Карызга тогузду алсаң, он кылып бер.

(Вьетнам накылы)


Адамдардын баары эки категорияга бөлүнөт: бирөөлөрү карыз алса, бирөөлөрү карыз беришет.

(Чарлз Лем)


Банкирдин алтын эрежеси: эч качан муктаж болбогон адамга акча карыз бербеш керек. 

(Огден Нэш)


Эгер досуң сага 50 доллар карыз бергенден баш тартса, демек, ал сени аябай жакындан билет экен.

(Лоуренс Питер)


Карыз берген киши жакырланат, карыз алган киши итке минип калат.

(Андре Прево)


Эч кимге карыз болбоонун өзү байлык.

(Теткоракс)


Душманыңа карыз берүү менен сен аны доско айлантасың. Досуңа карыз берүү менен аны жоготосуң.

(Бенджамин Франклин)


Жаман адат карыздан да жаман.

(Араб накылы)


Өлүм баардык карыздарыңдан куткарат.

(Англис накылы)


Оттон, оорудан, душмандан, анан карыздан этият болуш керек.

(Иоанн Дамаскин)


Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн