Бугу 09, 2024
Убакыт: 07:28
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ойлонулбаган реформалар эмне үчүн ойрондойт, же казды туурап карганын буту сынганда

08.06.2021 13:30
1561
Ойлонулбаган реформалар эмне үчүн ойрондойт, же казды туурап карганын буту сынганда

Аймактар өнүкмөйүн жалпы мамлекеттин өнүгүшү мүмкүн эмес. Күчтүү аймактар – бул күчтүү мамлекет деп айтып келебиз. Албетте, туура айтылган аныктама. Аймактардагы элдин жашоосу оңолсо, таза суу жана сугат суулары, мектеп, бала бакча, ооруканалар жана анда иштей турган мугалим, дарыгерлер жетиштүү болуп турса, ага кошумча маданият үйлөрү өз тартибинде иштеп турса, алган айлыктары бардык муктаждыктарын камсыздаса, демек андай аймактан миграция эмнеге күч алмак эле? Ал эми алыскы аймактарына чейин бардыгы камсыздалган өлкөнү кантип жакыр, алсыз өлкө деп айтууга ооз барат? Демек, аймактардын өнүгүүүсү - бул мамлекеттин кубаттуу, күчтүү болушун камсыздайт дегенди түшүнөбүз. 


Кыргызстандын аймактарында бүгүн абал кандай? 2018, 2019 жана 2020-жылдарды «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялаганбыз. Андан натыйжа болдубу? Эмнегедир байкалбады. Анча-мынча айылдарга таза суу жеткирип, айрым айылдарга жаңы мектеп куруп коюп, ошону «Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ушундай иштер жүрүп жатат» деп айтуунун өзү туура эмес. Аймактарды антип өнүктүрө албайбыз. Өнүктүрүү үчүн анын туруктуу өнүгүү жолун табуу зарыл. 


Мына ушул багытта Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Марат Укушов маалымат каражаттарынын бирине өзүнүн маанилүү анализдөөсүн жарыялаптыр. Анын айтымында 2005-2012-жылдары жергиликтүү аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга жасалган реформа жергиликтүү бийликтин системасын бузган. Ал эми жергиликтүү бийликтин эффективдүү таасир этүүчү үлгүсү жок туруп аймактарды өнүктүрүү боюнча кандай гана план коюлбасын, ал жөн гана жакшы каалоо болуп кала берет. 

«Системалуу эмес жана акылга сыйбаган реформалардын жыйынтыгында мамлекет аймактарды башкарууда бир катар олуттуу көйгөйлөргө туш болду: жергиликтүү аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун эффективдүү эмес системасы, мамлекеттик башкаруунун эффективдүү эмес децентрализациясы, эффективдүү эмес эки деңгээлдеги бюджеттик система, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын финансылык, материалдык-техникалык жактан аз каржылануусу, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өкүлчүлүк органдарын түзүүнүн эффективдүү эмес системасы, жергиликтүү аткаруу бийлигинде жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарындагы кадрлардын квалификациясынын жана компетенттүүлүгүнүн төмөн деңгээли, жергиликтүү бийлик органдарында коррупциянын жогорку деңгээли», - дейт Укушов. 


Анын айтымында сырттан келген реформалар дайыма эле оң натыйжа бере бербейт. Чындыгында эле СССР таркагандан кийин, көптөгөн биздин жаңы «реформаторлор» советтик доордо иштеп келген системаларды биротоло жок кылып, көбүнесе Европа мамлекеттеринен келген реформаларды киргизүү аракетин жасашты. Бирок, ооруп жаткан адамга да кан керек болгондо, ага өзүнүн организминдеги кандын группасына жараша кан куюла турганын эстен чыгардык. Ар бир мамлкеттин, ар бир элдин өнүгүү табияты ар башка. Албетте, бирине бири жакын, окшошуп жашап кете ала тургандары да бар. Бирок, дүйнө жүзүндөгү бардык мамлекеттер коендой окшош бир система менен өнүгүп кете албастыгын да эске алыш керек эле да. Эгерде Европа мамлекеттеринен келген реформаларды өзүбүздүн системага киргизүү менен эле дүркүрөп өнүгүп кете турган болсок, анда бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймактарында мектеп, бала бакча, ооруканалардын жетишсиздиги жоюлуп, маданият үйлөрү шаң менен иштеп, ар бир короодо таза суу чыгып, айдоо жерлерине сугат суулары барып калышы керек эле. Андай болгон жок. Демек, чоочун «реформалар» биздин өлкөнүн табиятына туура келбеди. Дагы деле жергиликтүү салыктар күтүлгөн жыйынтыкты берелек. Мурдагыдай эле республиканын 80%дан ашуун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары дотацияда. Аймактарда жумушсуздук, калктын жашоосунун төмөнкү деңгээли дагы деле бар. Аргасыздан жаштардын баары жумуш издеп, чет өлкөлөргө кетип калышкан. 


Укушов бүгүнкү күндө экономикасы жогорку деңгээлде өнүгүп жаткан Гонконг (КЭРдин автономиялуу району), Түштүк Корея, Кытай, Сингапур, Тайвань, Япония мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну модернизациялоодо өздөрүнө чоочун Европалык хартия принциптерине жетеленбегенин мисалга тартат. «Алар өздөрүнүн көптөгөн кылымдык тарыхый, маданий жана элдик салттарына таянышты», - дейт ал. 


«Мамлекеттик башкаруудагы жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруудагы советтик системанын көптөгөн кемчиликтери болгон. Бирок, анын өзүнүн ички логикасы бар эле, болгондо да ал логика бүгүнкү күндө мамлекеттик курулуш боюнча жалпы советтик тажрыйбаны сындап жаткан «профессионал сынчылар» көрсөткөндөй абсолюттуу авторитардык-вертикалдык болгон эмес. Ал система бүгүнкү күндөгүдөй дилетанттар тарабынан иштелип чыкпаган, а СССРдин министрлер Кеңешинин жана илимдер Академиясынын илимий-изилдөө институттарынын негиздүү сунуштарынын негизинде иштелген, эл аралык практикага негизделген», - дейт ал. 


Ал совет доорунда Кыргызстанда башка союздук республикалардай эле эффективдүү иштеген система болгонун, айылдык, райондук, шаардык жана облустук эл депутаттарынын кеңеши иштегенин айтат. «Бул шайлоо органдары болгон, бирок ага милдеттүү түрдө бардык жергиликтүү начальниктер кирген: мектеп директорлору, колхоз төрагалары, совхоз директорлору, прокурорлор, директорлор жана ири ишканалардын жана уюмдардын башкы инженерлери кирген. Чыныгы профессионалдар, аймактык элиталар – айылдык, райондук, шаардык жана облустук кеңештин депутаттары болушкан», - дейт Марат Укушов. 


Алар кеңештин сессиясында чогулуп, жергиликтүү маселелерди талкуулашкан. Мисалы, бала бакчаларын, мектептерди куруу, айылды же шаарды жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, суу түтүктөрүн тартуу, эл керектеген товарларды өндүрүү сыяктуу. Анан тиешелүү чечим кабыл алынган, ал чечим милдеттүү түрдө аткарылган. Жергиликтүү кеңештердин чечиминин аткарылышын айылдык кеңештин аткаруу комитети, райондук аткаруу комитети, шаардык аткаруу комитети, облустук аткаруу комитети жүзөгө ашырган. Бүгүнкү күндө да ошол советтик система жасап кеткен, куруп кеткен айылдарда, шаарларда жашап жатканыбызды унутпашыбыз керек. Ошонун баары айылдык, райондук, шаардык, облустук кеңештердин чечими менен жасалган. 


«Совет системасындагы мамлекеттик башкарууда жана жергиликтүү өзүн-өзү башкарууда горизонталдык жана вертикалдык координация жана контролль инструменттери болгон. Алар эл депутаттарынын кеңеши жана КПССтин аймактык партиялык уюму. Эгерде эл депутаттарынын жергиликтүү кеңешинин деңгээлинде координация жетишсиз болуп калса, ишке партиялык органдар киришкен. Мындан сырткары, бардык жергиликтүү начальниктер жергиликтүү кеңештин сессиясында жолугушкан, алар жума сайын райкомдун, обкомдун бюросунда жана ушул сыяктуу иш-чараларда көрүшүп турган. Райкомдун же обкомдун биринчи катчысынын «партбилетти столго коюп коесуң» деген сөзү бош эле коркутуу эмес, жергиликтүү жетечилерди жоопкерчиликке тартуунун эффективдүү механизми болгон. Бул бардык төмөнкү жетекчилерди айылдык, райондук же шаардык деңгээлдеги пайда болгон социалдык-экономикалык маселелерге өзгөчө олуттуу мамиле жасоого мажбур кылган», - дейт Укушов. 

Анын айтымында горизонталдык жана вертикалдык координация – бул башкаруунун эффективдүүлүгүнүн маанилүү шарттары, ал советтик системада ийгиликтүү иштеген. 


«Акыркы эки он жылдыкта Кыргызстанда «реформатолрлор» курган жергиликтүү бийликтин жаңы системасы, бардык горизонталдык жана вертикалдык координациянын механизмдерин талкалады. Азыр айылдык жана шаардык кеңештердин, айыл өкмөттөрү жана шаар мэрлеринин, райондордун мамлекеттик администрацияларынын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүнө байланыштуу маселени ким карайт?», - дейт ал. 


Анан дагы ал 2005-2012-жылдары ишке ашырылган жергиликтүү аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын реформаларынынын күмөндүү «жетишкендиктерин» санай кеткен:«1) облустук кеңештерди кыскартуу; 2) райондук кеңештерди кыскартуу; 3) Облустук мамлекеттик администарция башчысы-губернатор кызматын жоюу жана аны Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү кылуу (2021-жылдын 11-апрелиндеги кабыл алынган референдум муну оңдоду); 4) Облустук мамлекеттик администрацияларды жоюу; 5) райондук жана облустук бюджеттерди жок кылуу жана эки деңгээлдеги бюджетти киргизүү (республикалык бюджет – айыл өкмөтүнүн (шаар) бюджети); 6) Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо пропорционалдык системаны киргизүү». 


Айтор, мына ушундай «реформалар» аймактардын өнүгүшүн камсыздабай эле, тескерисинче алардын ороого отуруп калышына жетелеп баратканы көрүнүп эле турат. Балким, ар кимди туурап, «Европада ушундай экен» дей берүүдөн алыстап, өзүбүз басып өткөн, натыйжалуу жемишин берип келген эле системага кайтып барсак кандай болот?  


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн