Бугу 07, 2024
Убакыт: 03:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Озерная айылында Сауд Өнүктүрүү тарабынан курулган мектеп ачылды

28.10.2021 17:59
862
Озерная айылында Сауд Өнүктүрүү тарабынан курулган мектеп ачылды

Бүгүн, 28-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Озерная айылында жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин, Мамкурулуштун өкүлдөрү, Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси, ошондой эле Чүй облусунун губернатору, Аламүдүн районунун акими жана бир катар расмий адамдар катышты.

Мектептин курулушу Сауд Өнүктүрүү фондунун эсебиненн каржыланган "27 мамлекеттик мектептин курулушу" долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Мектеп 375 окуучуга эсептелип, сметалык наркысы 1 млн 526 миң 804 АКШ долларын түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн