Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Озил мусулмандарга ифтар үчүн 100 миң доллар бөлдү

04.05.2020 12:35
855
Озил мусулмандарга ифтар үчүн 100 миң доллар бөлдү


Белгилүү футбол жылдызы, “Арсенал” клубунун жарым коргоочусу Месут Озил Түркиянын “Кызыл жарым ай коомуна” 101 миң доллар берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, германиялык футболчу кайрымдылуулук үчүн 713 миң түрк лирасын (101 миң доллар) берген.


Ал эми каражат коронавирус учурунда орозо кармап жаткан мусулмандарды колдоого жумшалып, жалпы 114 миң адамга ифтарлык кылууга сарпталат.


Эске салсак, “Кызыл жарым ай коому” медициналык жана социалдык жардам көрсөткөн Түркиялык кайрымдуулук уюм.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн