Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзѳтүү ратификацияланды

11.07.2020 08:35
1395
Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзѳтүү ратификацияланды


Президент Сооронбай Жээнбеков «2016-жылдын 15-октябрында Руанда Республикасынын Кигали шаарында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзѳтүүнү ратификациялоо жѳнүндѳ» КР мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлиги түзѳтүүнү ратификациялоо жѳнүндѳ грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлѳѳгѳ тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн