Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:59
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

ПЧР-тести жок кайсы өлкөлөргө барууга болот?

ПЧР-тести жок кайсы өлкөлөргө барууга болот?


Республикалык штаб кыргызстандыктар ПЧР-тести жок кайсы өлкөлөргө бара алары тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Россияга киргенде ПЧР-тест талап кылынбайт.

15-июндан тарта Грузиянын жарандарынан же Грузияга бара турган чет мамлекеттердин жарандарынан мындан ары COVID-19 вакцинасынын сертификатын же ПЧР-тестинин терс натыйжасы тууралуу маалымдаманы көрсөтүү талап кылынбайт.

1-июндан тарта Түркияга киргенде ПЧР-тест же антиген анализинин жыйынтыгын көрсөтүүнүн кажети жок. Бир күн мурун өлкөдө ооруканалардан тышкары, коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап тагынуу талабы жоюлган. Кирүүгө чейин 72 саатка чейин эч кандай терс ПЧР-тестинин отчету же өлкөгө кирген учурдан 48 сааттын ичинде жасалган антигенге ыкчам тест талап кылынбайт.

1- июндан тартып Кипр туристтердин кирүүсүнө бардык ковиддик чектөөлөрүн алып салды. Кипрге келген бардык саякатчылардан, алардын келген өлкөсүнө карабастан, эмдөө же ооруп айыкканы жөнүндө жарактуу күбөлүк же терс ПЧР-тест же антиген тестинин натыйжасы талап кылынбайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ПЧР-тесттин болушу тууралуу талап 2022-жылдын 1-майынан тарта жоюлган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн