Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 23:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ПК: Экс-депутат Азамат Арапбаев ӨКМнын тик учагы менен Чаткалга тойго барганы чындык

17.10.2022 16:15
317
ПК: Экс-депутат Азамат Арапбаев ӨКМнын тик учагы менен Чаткалга тойго барганы чындык

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Азамат Арапбаев Чаткалга Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык болгон тик учак менен Чаткалга кайын атасына барганы чындык. Бул тууралуу "ПолитКлиника" медиасы кабарларды.


“Flightradar24” учактарды байкоо сервисинин маалыматына караганда, ӨКМдин борт номуру EX-88010 болгон тик учагы 16-октябрда Бишкектен саат 08:34тө чыгып, Чаткал районунун аймагына саат 10:44 чамаларында кирип бараткан. Андан кийин радар маалыматты көрсөтпөй калган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул жылдын 13-августунда атайын техникаларды алган. Алардын арасында бир Airbus H-125 үлгүсүндөгү тик учак бар, ага EX-88010 борт номуру ыйгарылган. Президент Садыр Жапаровдун айтымында, бул тик учак издөө, куткаруу жана байкоо иштерине мүмкүнчүлүк түзүп бермек. Демек, “Flightradar24” көргөзүп жаткан тик учак ӨКМге тиешелүү экендиги анык. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн