Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 04:26
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Сооронбай Жээнбеков Россия жана Венгрияга барат

25.09.2020 15:39
1278
Сооронбай Жээнбеков Россия жана Венгрияга барат


Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясына жумушчу иш сапары менен Венгрияга расмий визит менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен болгон онлайн кеңешмеде маалым болду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, министр онлайн кеңешмеде мамлекет башчысынын алдыдагы визиттерине даярдыктар жөнүндө маалымат берди.

"Сооронбай Жээнбеков жумушчу иш сапары менен Россияга дүйшөмбү күнү, 28-сентябрда барат. Иш сапардын алкагында Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт", - деп айтылат маалыматта.

Россияга болгон иш сапарын жыйынтыктап, мамлекет башчысы 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга расмий визит менен барат. Жооп катары расмий визит менен баруу тууралуу макулдашууга 2018-жылдын сентябрь айындагы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргыз Республикасына болгон расмий визитинин жүрүшүндө жетишилген. Расмий визитинде ал III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин коногу болгон жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын саммитине байкоочу катары катышкан.

Визиттин алкагында С.Жээнбеков Венгрия премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушат, анда кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы менен келечеги талкууланат.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат. Ошондой эле Венгрия президенти Янош Адер жана Улуттук Жыйындын спикери Ласло Кёвер менен жолугушуулар күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн