Бугу 13, 2024
Убакыт: 13:51
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Пахта терүүдөгү "кулчулук"

26.06.2020 20:23
1017
Пахта терүүдөгү "кулчулук"


АКШнын Мамлекеттик департаменти бүгүн, 26-июнда дүйнөдөгү адам сатуулар жөнүндө жаңы отчётун жарыялады. Бул документте Туркмөнстан соңку беш жылдан бери катары менен эң акыркы орунду ээлеп келүүдө. Мунун себептеринин бири пахта терим жумуштарына мажбурлап иштетүү болуп эсептелет.


2019-жылы бул өлкөдө мажбурлап иштетүү боюнча мамлекеттик саясат улантылды, бийликтер өлкөнүн ишке жарамдуу жарандарын пахта теримдерине жана башка коомдук жумуштарга, мисалы жашылдандыруу жана тазалоо иштерине чегерүү тажрыйбасын токтоткон жок.


Ошону менен бирге эле бийликтер пахта терим маалындагы мажбулоо аракеттерин эл аралык уюмдар тарабынан мониторингдөөгө тоскоолдук жасоону да токтотушкан жок.


Ушуга байланыштуу АКШ бийликтери Түркмөнстандын жетекчилигине пахта жыйноо маалында план аткаруу тажрыйбасынан баш тартууну сунуш кылууда.


2019-жылы Түркмөнстанда адам сатуунун курмандыгы болгон бир дагы учур каттоого алынган эмес. Ал эми Түркмөнстандын прокуратурасы жарандардан түшкөн арыздарды алдамчылык деп эсептейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн