Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

КРнын Пакистандагы элчилиги Саламаттыкты сактоо министрлигине гуманитардык жардам жөнөттү

09.12.2020 10:06
455
КРнын Пакистандагы элчилиги Саламаттыкты сактоо министрлигине гуманитардык жардам жөнөттү

5-декабрда Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Кыргыз Республикасында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, салмагы бир тоннадан ашык 18 миң долларлык дары-дармектер жана медициналык буюмдар Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө тапшырылды.


Элчилик «Educational Advisor» компаниясына Пакистандан Кыргызстанга жүк жеткирүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн, ошондой эле элчиликтин Пакистандагы Лахор университетиндеги өнөктөштөрүнө, «Брукс», «Хербион», «B4U» тобуна гуманитардык жүктөрдү чогултуудагы көмөгү үчүн ыраазычылык билдирет.


Элчилик Ковид-19 вирусуна каршы күрөшүүдө гуманитардык жардамды тартуу боюнча жигердүү ишти уланта берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн