Бугу 17, 2024
Убакыт: 21:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Пакистан элчисинин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы башталды

12.06.2020 10:26
928
Пакистан элчисинин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы башталды


Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандагы Пакистан Ислам Республикасынын элчиси Сардар Азхар Тарик Хан мырзанын Ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

 
Маектин жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын жана коронавирус менен күрөшүүдө өлкөлөрдүн мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн, соода, инвестиция, туризм жана билим берүү чөйрөлөрүндө кызматташуунун келечектерин талкуулашты.


Тараптар ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков менен Пакистандын премьер-министри Имран Хандын жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин козгошту. 

 

Ч.Айдарбеков элчи Сардар А.Т.Ханды дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады жана ага ийгиликтерди каалады. 


Элчи жылуу кабыл алуу үчүн чын ниеттен ыраазычылыгын жана эки өлкөнүн ортосунда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даярдыгын билдирди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн