Бугу 21, 2024
Убакыт: 09:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Пакистан кыргыз окуу жайлары үчүн чечимин өзгөрттү

17.11.2020 08:59
546
Пакистан кыргыз окуу жайлары үчүн чечимин өзгөрттү


Пакистан Кыргызстандагы окуу жайлар боюнча чечимин кайра өзгөрттү. Аталган мамлекеттин Медициналык комиссиясы жакында жыйынга чогулуп, биздин өлкөдөгү медициналык билим берген 4 окуу жайды “кара тизмеден” чыгарды. Алардын катарында И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, ОшМУнун медицина факультети, Кыргыз-Орус (Славян) университети жана Эл аралык жогорку медициналык мектеби бар.  


Белгилей кетсек, мындан 3 жума мурда Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын баарын кара тизмеге киргизген. Ага Кыргызстандан бүткөн пакистандык студенттердин 90% Пакистандын Медициналык кеңешинен милдеттүү экзаменинен өтпөй калганы себеп болгон. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн