Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:58
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Пакистан менен укук коргоо тармагында кызматташуу талкууланды

29.05.2023 18:38
233
Пакистан менен укук коргоо тармагында кызматташуу талкууланды



Кыргыз Республикасынын ИИМде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосуновдун Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хасан Али Зайымдын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. 


Адылбек Бийбосунов Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси болуп жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалады.


Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Пакистан Элчилигинин ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана мамилелерди бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ болду.


Министрдин биринчи орун басары кыргыз тарап Пакистан менен укук коргоо тармагында кызматташууга, анын ичинде диний экстремизм жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүүдө тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин белгиледи.


Өз кезегинде Элчи Хасан Али Зайгам Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер өз ара кызыкчылыктын көптөгөн чөйрөлөрүндө жемиштүү кызматташтык менен ырааттуу бекемделип жатканын баса белгиледи.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн