Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 05:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Пакистанда кулаган учактан 97 адам набыт болду

23.05.2020 09:03
1269
Пакистанда кулаган учактан 97 адам набыт болду


Пакистандын Синд аймагынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Карачи шаарына жакын жерде кулаган Airbus A-320 учагынан каза болгондордун саны 97 адамды түзгөнүн билдирди.


“Учактын ичинде жалпы 99 адам болгон. Каза болгондордун саны 97. Экөө аман калды. Учурда 19 адамдын денеси алынып чыкты”, - деп Twitter баракчасына министрликтин басма сөз катчысы Мирран Юсуф билдирүү калтырган.


Ал эми кырсык болгон жерде куткаруу-издөө иштери уланып жатат. Авиакомпаниядан самолеттун ичинде 91 жүргүнчү жана учактын 8 экипажы болгонун айтышкан.


Мындан сырткары, учак кулаган жердеги жергиликтүү тургундарда жаракаттарды алып, болжолду 30дай адам ооруканага жеткирилген. Пакистандын премьер-министри Имран Хан учак кырсыгын иликтөө башталганын билдирген.


Эске салсак, “Пакистан авиажолдорунун” самолету Карачи шаарында кулаганы айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн