Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 14:55
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Пакистанда мечиттеги жардыруудан каза тапкандардын саны 59га жетти

31.01.2023 08:54
266
Пакистанда мечиттеги жардыруудан каза тапкандардын саны 59га жетти

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте болгон жардыруудан кеминде 59 киши набыт болуп, 150дөн ашууну жараат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.


Маалым болгондой,  жардыруу намаз учурунда болуп, имараттын бир бөлүгү талкаланып, көптөгөн ибадатчылар урандылардын астында калган.


Коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында, намаз окуп жаткандардын алдыңкы катарында өзүн жардырган жанкечти болгон. Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.


Пакистандын өкмөт башчысы Шахбаз Шариф терактты айыптап, жанкечти менен Исламдын эч кандай байланышы жок экенин жана бул мусулмандарга карата террордук акты экенин билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн