Пакистандан 178 адам жардам сурап Кыргызстанга келе албай жатат. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов ЖК комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, алардын транспорт
каражаттарына төлөөгө шарттары бар, болгону алардын келишин аткаруу бийлиги
уюштуруп бериши керек.
Өз кезегинде тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров 58 мамлекеттен 8 миӊ жаран келүүгө муктаж экенин айтып, андыктан аларды жакын арада алып келүү боюнча аракеттер жүрүп жатканын кабарлады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн