Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:48
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Пакистандыктар көлгө түшүп, каткырып, түкүрүп жүрөт

30.08.2021 10:27
3208
Пакистандыктар көлгө түшүп, каткырып, түкүрүп жүрөт

Пакистандыктарга обсервация...


Бүгүн, 29-август 2021 жыл, Ысык-Көл.


Кыргызстан менен кайсы өлкө пакистандыктар, биздин республикада обсервациядан өтүү боюнча келишим түзгөн?


Ушул жана башка суроолорду урматтуу Президент С. Жапаров, У. Марипов, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сиздерге берсем.


Анткени, пакистандыктар менен Көлдүн жээгинде сүйлөшкөнүмдө "өтө кызык, ошондой эле кооптуу" маалыматтарды беришти. Андыктан суроо бергенге, аргасызмын. Суроолорго терикпей, так маалыматты ошондой эле жоопту элибизге берип койсоңуздар.


1. Кайсы өлкө менен келишим түзүлгөн, пакистандыктар обсервациясын биздин өлкөдө өткөрүш керек деген.

Пакистан, же эмгек мигрант болуп бара турган өлкө мененби?


2. Эгер, ошондой келишим болсо, качан Жогорку Кеңештин ратификациясынан өткөн?


3.Пакистандыктардын айтуусу боюнча, Кыргызстан 2 жылга келишим түзгөн дешет, пакистандыктар биздин мамлекетибизде обсервациядан өтүү боюнча. Андай болсо бул чечимди ким кабыл алган?


4. Кабыл алган мамлекеттик жетекчи, эске алдыбы? Коронавирустан Индия менен Пакистан, каза болгон жарандарын өрттөөгө "отун таппай" калган учурларын?


5. Кайсы жетекчи кепилдик берет, келген пакистандыктар "оорулуу" эмес деп?


6. Кимдин сунушу менен, өлкөбүздүн "бермети" , туризмдин " бешиги" болгон Ысык-Көлдө пакистандыктар обсервациядан өтүшү керек?


7. Ошону менен бирге пакистандыктар айтып жатат, келишим түзгөн өлкө күнүнө Ысык-Көлдөгү, пансионаттарга, конок үйлөргө ар бирибизге 1500 сомдон төлөп жатат деп. Чынында эле ушундайбы?


8. Менин маалыматым боюнча 250 сомдон күнүнө төлөп жатышат, ар бир пакистандык үчүн, пансионаттардын, конок үйлөрдүн ээлерине. Анда, калган 1250 сом кайда?


9. Анткени, ар бир улуттун адамдарынын өзгөчө "жыты" болот.

Айрыкча, көп ачуу тамак ичкендердин...

Азыркы берилип жаткан ар бир пакистандык үчүн 250 сом, коммуналдык чыгым менен, айлык акысына жетмек турсун, аягында пансионаттардын ээлери, жыттанган "жаздыгынан" баштап, "матрацка" дейре ыргытышат. Бул чыгымдарды араң оокат кылып жаткан, бизнесмендерге, көлдүктөргө ким төлөп берет?


10. Макул, сиздер, урматтуу бийлик төбөлдөрү, Ысык-Көлдүк бизнесмендердин тагдырын ойлобогула. Бирок касиеттүү Ысык-Көл эненин тагдырын ойлогула. 

Пакистандыктар, көлгө түшүп, жөн эле киринбестен (кечиресиздер, өз көзүм менен көргөндү ачык жазайын) "какырып", "түкүрүп", "чимкирип", "сийип" ж.б. жагымсыз иштерди жасап жатат. 


Булар даараткана эмне экенин билбейт окшойт. Дарактын түбүнө барып, каалаганын жасап жатышат. Ушул маселени кимиңер чечесиңер?

Пакистандыктар үчүн, окуу жылын баштоону, 15-сентябрга котордуңар беле, миңдеген балдарыбызды муңайтып?


11. Эң өкүнүчтүүсү, келген туристтер Россия, Казакстандан ж.б. жактан эмне мынча афгандыктар (пакистандыктарды, афган жараны деп кабыл алып жатышат) көп силерде, бул өтө кооптуу, ковид күч алып жатканда деп, канчалык пакистандыктар көбөйгөн сайын, потенциалдуу биздин туристтер кете башташты. Потенциалдуу туристтерибиз эмдиги жылы келишеби? 


12. Эгерде, чын эле пакистандыктар айткандай биздин "өлкө пакистандыктар үчүн "обсервациядан өтүү өлкөсүнө" айланган болсо 2 жылга, анда кыргызстандыктардын саламаттыгына ким кепилдик берет? Бейшеналиевби? Кимиңер бересиңер? Кайсы акылыңар менен, миңдеген пакистандыктарды арзыбаган акча үчүн, Өлкөбүздүн борбору Бишкекке, Ысык-Көлгө, деги эле Кыргызстанга киргиздиңер?

Биздин жарандарыбыздын ден-соолугуна, саламаттыгынын коопсуздугуна кимиңер, мындан ары жооп бересиңер?


13.Пакистандыктардын айтуусу боюнча, обсервациядан соң, алар араб өлкөлөрүнө учушат экен, эмгек мигрант болуп иштөө үчүн. Анда эмнеге, Араб өлкөлөрү өз өлкөсүндө Түштүк Кореядай 14 күнгө обсервациядан өткөрүп кабыл алышкан жок, пакистандык эмгек мигранттарын?

Анткени Араб өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары, өз өлкөсүн сүйгөн, элинин коопсуздугун ойлогон, патриоттор...

Жок дегенде, Манас аэропортундагы Ганси базасынан обсервациядан өткөрсөңөр болбойт беле, эч жакка чыгарбастан?


 Өтө катуу "ызаланып" турам, коронавирус күчөп турганда...пакистандыктарга обсервациядан өтүүгө, аэропорттон түз эле көлдүн жээгине жайнатып жиберишкендерине...


Оо, касиеттүү Ысык-Көл эне, жараткан өзүң, бийлик төбөлдөрүн кечире алсаң кечире көр...


Жылдыз Жолдошова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн