Кыргызстандагы медициналык университеттерде билим алган пакистандык студенттер тийиштүү деңгээлде билим албай, Пакистанга келгенден кийин аттестациядан өтпөй калып жатышат. Бул тууралуу Пакистандын саламаттык сактоо министри Надим Ян билдирди.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, Исламабадда глобалдык саммит өттү. Анын алкагында эки өлкөнүн тармактык министрлери Алымкадыр Бейшеналиев менен Надим Ян жолуккан.
"Доктор Надим Ян Кыргызстандагы медициналык университеттерде билим алган пакистандык студенттер тийиштүү деңгээлде билим албай, Пакистанга келгенден кийин аттестациядан өтө албай жатканын билдирди. Бул маселени чечүү үчүн кызматташып, биргелешкен күч-аракет жумшоого чакырды", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Бейшеналиев медициналык ЖОЖдордун ишин текшерүүгө, ошондой эле зарыл болгон учурда мындай окуу жайлардын студенттерин алардын талабы боюнча башка окуу жайларына которууга даяр экендигин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн