Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 12:07
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан камакка алынды

10.05.2023 08:59
1463
Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан камакка алынды

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан 9-май күнү камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.


Маалым болгондой, Имран Хан күч структуралары тарабынан сотко алып келингенден кийин сот аны камакка алуу чечимин кабыл алган.


Мындан улам, өлкөдө Хандын тарапташтары нааразылык акциясына чыккан. Аларды токтотууга аракет кылган полиция кызматкерлери менен кагылышта бир нече адам жаракат алган.


Имран Хан өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылып келет.


Эске салсак, Имран Ханга карата ондогон кылмыш иши козголуп, полиция аны бир нече ай мурда кармоого аракет кылган, бирок натыйжасыз болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн