Бугу 01, 2024
Убакыт: 01:25
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Пакистандын парламенти 70 жаштагы оппозициялык партиянын өкүлүн премьер-министр кылып шайлады

12.04.2022 08:13
562
Пакистандын парламенти 70 жаштагы оппозициялык партиянын өкүлүн премьер-министр кылып шайлады

11-апрелде Пакистандын парламенти жаңы премьер-министрди шайлады. Добуш берүүгө мурдагы премьер-министр Имран Хандын партиясы катышуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.


Маалыматка ылайык, парламент мурда 3 жолу премьер-министр кызматын аркалаган Наваз Шарифтин 70 жаштагы иниси Шахбаз Шарифтин талапкерлигин колдоп, 172 добуш берген.


Шахбаз Шариф буга чейин Пакистандагы калкы эң жыш жайгашкан Пенжаб провинциясынын башчысы болуп, Кытай менен тыгыз иштешкен.

Ал АКШ менен болгон мамиленин бузулушуна каршы экенин жана башка өлкөлөр менен дагы достук мамилени сактоо маанилүү деп эсептейт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн