Пакистандын түндүк-батышында жайгашкан Хайбер-Пахтунхва аймагында
жардыруудан эки аскер кызматкери каза болуп, дагы экөө жаракат алды. Бул
тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Афганистан менен чектеш жайгашкан Түндүк Вазиристан шаарында патрулдук унаа колго жасалган жардыруучу каражатка кабылган. Анын кесепетинен эки аскер кызматкери мерт кетип, дагы экөө жаракат алышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн