Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Пакистандын жарандары Кыргызстанга мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелүүдө

26.10.2020 16:32
510
Пакистандын жарандары Кыргызстанга мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелүүдө

Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Пакистандын жарандары Кыргызстанга мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактысын аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Пакистандын жараны тиешелүү документтерди мамлекеттик органдардан жасап алып, Кыргызстандын аймагында иштөө үчүн мекендештерин чакырган.

"Бирок алар келген учурда эмгек келишими жокко чыгарылып, КР Тышкы миграция жөнүндө мыйзамына ылайык, визаларын жокко чыгаруу жана ишке уруксат бербөө боюнча чаралар көрүлгөн эмес. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча катталып, Пакистандын К.Э., аттуу жаранына шектелгендиги жөнүндө кабарлама берилди", - деп айтылат маалыматта. 

Азыркы учурда топтолгон материалдар сотко жөнөтүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн