Бугу 21, 2024
Убакыт: 11:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Пакистанга даватка барган Кыргыз жараны коронавирустан көз жумду

10.04.2020 09:54
1181
Пакистанга даватка барган Кыргыз жараны коронавирустан көз жумду


Кыргызстандан Пакистанга даватка барган адам коронавирус илдетинен көз жумду. Бул тууралуу The News International басылмасы жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, дарттан 73 жаштагы “Таблиг жамаатынын" мүчөсү Абдул Вахаб 1-апрелде Райвинд борборунан Майо ооруканасына которулган, ал COVID-19дан тышкары, диабет менен ооруганы айтылат. Кыргызстандан барган даватчы кечээ, 9-апрелде дүйнө салган.


Эске салсак, буга чейин Пакистанда коронавирус илдетин жуктуруп алган Кыргыз жарандарынын саны жетөө экени айтылган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн