Бугу 09, 2024
Убакыт: 11:30
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Палестинанын ТИМ башчысы расмий сапар менен Кыргызстанга келет

27.08.2023 10:55
399
Палестинанын ТИМ башчысы расмий сапар менен Кыргызстанга келет


Үстүбүздөгү жылы 27-28-августунда Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Малики Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин башчыларынын деңгээлинде расмий сүйлөшүүлөр өтөт.

Тараптар кыргыз-палестин мамилелеринин кеңири чөйрөсүн жана аны өнүктүрүү жолдорун талкуулашат, ошондой эле түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн