Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 12:04
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Памир кыргыздары үчүн гумжардамга бөлүнгөн каражат толук берилет, - Каржы министри

15.05.2020 16:33
1606
Памир кыргыздары үчүн гумжардамга бөлүнгөн каражат толук берилет, - Каржы министри


Бюджеттеги кыскартуулар Улуу жана кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга карата көрүлүүчү миграциялык саясатка таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жеенбаева парламент жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Бахадыр Сулеманов: "Силер кантип тышкы саясатты каржылоого багытталган 19 млн сомду жана памир кыргыздарына гуманитардык жардам берүүгө керектүү 5 млн сомду кыскартып жатасыңар? Андан тышкары, чек ара аймактарындагы көйгөйлөрдү чечүүгө каралган 15 млн сом да кыскартылбашы керек" - деди.

Каржы министри этникалык кыргыздарга багытталган каражат толук көлөмдө берилерин айтып, чек ара аймактарына багытталган каражат да кыскартылбай тургандыгын маалымдады. Бирок Бахадыр Сулеманов мыйзам долбоорунун маалымат негиздемесинде 15 млн сомду кыскартуу тууралуу маалымат жазылганын белгиледи. Каржы министри маалыматты тактай тургандыгын убада кылды.

Сөзүнүн соңунда депутат өкмөттү Кыргызстанга кайткан эмгек мигранттарын жумуш менен камсыздоого чакырды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн