Бугу 09, 2024
Убакыт: 13:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Пандемия - 2020: Эл кырылып жатканда уурдагандар жооп берсин, бирок дарыгерлер эмес!

02.02.2021 12:00
528
Пандемия - 2020: Эл кырылып жатканда уурдагандар жооп берсин, бирок дарыгерлер эмес!

Өткөн 2020-жылдын июль апааты элибиздин эсинен дагы деле чыгалек. Көп тогото бербеген кенебестигибиздин, кыргыз өкмөтүнүн жетиштүү даярдык көрбөгөнүнөн улам күнүнө 30-40 адам коронавирус жана пневмония илдеттеринен жарык дүйнө менен кош айтышып жатышты. Күнүнө өлкөбүздүн ар кайсыл шаарлары, аймактарындагы ооруканалардан жакындарын жоготкондордун ыйы чыгып турду. Ооруканаларда орун жетишпей, дарыканаларда дары-дармек, жеке коргонуучу медициналык каражаттардын тартыштыгы болду. Эл алапайын таппай калды.


Бүгүнкү күндө ошол коронавирус пандемиясынын апааты жүрүп турган маалдагы чет мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан келген жардамдарды бөлүшүтүрүүнү иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия иштеп жатат. Андан тышкары ошол убактагы өкмөт башчылар, вице-премьерлер укук коргоо органдарында сурак берүүдө.


Албетте, эл алапайын таппай, өмүр менен өлүмдүн ортосунда күрөшүп калган маалда жеке финансылык кызыкчылыктарын көздөгөн чиновниктер болгон болсо, сөзсүз мыйзам чегинде жазаларын алышы керек. Андыктан ошол маалда сырттан келген жардамдардын кандай бөлүштүрүлгөнүн иликтөө туура кадам. Анан дагы пандемиянын башка өлкөлөрдө күч алып жатканын, ал бизге жетип келиши толук мүмкүн экенин билип туруп, жетиштүү даярдык көрбөгөн тиешелүү чиновниктер да жазасыз калбашы керек. Тактап айтсак, дары-дармектердин жетиштүү запасын, дарыгерлер үчүн жеке коргонуучу жабдууларды даярдабай отурган шалаакылыктар үчүн кимдир-бирөө жооп бериши керек.


Ал эми «Туура эмес дарылоо болгон» деп медицина кызматкерлерин айыптоо акылга сыйбайт. Себеби, ошол убакта бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да коронавирусту кандайча дарыласа эффективдүү болорун эч ким билбей жаткан. Биз эмес, өнүккөн АКШ, Италия сыяктуу өлкөлөрдө адам өлүмдөрү өтө көп катталды. Ал өлкөлөрдө медицина кызматкерлери үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Жеке коргонуучу медициналык каражаттар, медициналык жабдуулар жетиштүү болуп туруп дагы көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап кала алышпады. Ал эми биздин медиктер медициналык жабдуулардын жетишсиздигине карабастан, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, ажал менен арбашып, кармашып жүрдү.


Андыктан биз кыргыз медиктерине терең ыраазычылык гана билдиришибиз керек. Алардын эмгегин баалабай, тескерисинче күнөөлөө аракетин жасоо менен саламаттыкты сактоо тармагын дагы талкалап алабыз. Ансыз да бул тармак өтө оор абалда экенин пандемия шарты көргөздү. Азыр да аты жаман оору биротоло жоголо элек. Анын үчүнчү толкуну да болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Мындай кырдаалда медиктерге стимул берип, ар кандай оор күндөргө даяр тура тургандай шарттарды түзгөнүбүз туура. Кайрадан июль апааты кайталанып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Биз азыр адам өлүмдөрүнө дарыгерлерди айыптап отура берсек, анда эртең мунун азабын эки эселеп тартабыз. Жарыбаган айлыкка калктын саламаттыгын камсыз кылуу үчүн иштеп жаткан медиктер тиричилик кылуунун башка жолуна өтүп, кесиптерин таштап кетсе эмне болот? Ансыз да апаат маалында дарыгерлердин жетишсиздигин билдик. Демек, эми биз биринчи кезекте саламаттыкты сактоо тармагына олуттуу көңүл бура турган учурга келгенибизди билели. Татыктуу кадрларды даярдоону колго алалы. Медицина кызматкерлеринин айлык акысы депутаттардын айлык акысынан кем болбой тургандай багыттагы иштерди жасайлы. Жаңы ооруканаларды заманбап үлгүдө куралы. Заманбар медициналык жабдуулар менен камсыздайлы. Ошондон кийин гана медицина кызматкерлеринен кандайдыр бир олуттуу жоопкерчиликтерди талап кылсак болот.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн