Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 09:53
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Пандемия: Бишкекте билим берүү тармагында иштеген жалпы 12 кызматкер каза болду

22.07.2020 11:38
1113
Пандемия: Бишкекте билим берүү тармагында иштеген жалпы 12 кызматкер каза болду


Бишкек шаарында пандемия учурунда билим берүү тармагында эмгектенген жалпы 12 кызматкер Сovid-19 жана пневмания оорусунан каза тапты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 


Маалыматка караганда, алар билим берүү тармагына зор салымын кошкон, өмүрлөрүн келечек муундарын тарбиялоого, билим берүүгө арнаган асыл адамдар эле. 


Алар: 

- №78 мектеп гимназиясынын  директору Музаева Эльнура Турдукуловна;

- №148 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Токтосунова Жамиля Ишенбековна;

- №55 орто мектебинин  чарба иштери  боюнча директордун орун басары Казаков Камбар;

- №61 Автордук окуу-тарбия комплексинин мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын мугалими Нефедова Ирина Юрьевна;

- №69 окуу-тарбиялык комплекси мектеп гимназиясынын орус тил жана адабият мугалими Мусаева Айнура Мусаевна;

- №64 мектеп гимназиясынын физика мугалими Калдымолдоева Укен Жолдошевна;

- №9 мектеп гимназиясынын биология жана химия мугалими Токтосунова Айзирек;

- №13 мектеп гимназиясынын кыргыз тил жана адабият мугалими Осмонгазиева Айдай Монолдоровна;

- №118 бала бакчанын тарбиячысы Петрова Ирина Дмитриевна;

- №10 бала бакчанын кызматчысы Тюлегенова Тынатин,

- №10 бала бакчанын кызматчысы Ашырова Айзада Тентиевна,

- №164 бала бакчанын кароолчусу Карыбаев Атабек Мамашевич.


"Бул инсандардын баары ѳз кесибин сүйүп, баш отту менен берилип эмгектенген, жан-дүйнѳсү бай жана журѳгү чоң, кесипкөй адамдар эле. Кесиптештерибиздин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы кабыргабызды кайыштырып турат. Оорудан көз жумган кесиптештерибиздин үйбүлөлөрүнө, жакындарына, кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!", - деп айтылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн