Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:27
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Коронавирустан айыккандар шүгүр кылып, сакайып кеткенине каниет кылышы керек, - психолог

08.04.2020 14:50
1961
Коронавирустан айыккандар шүгүр кылып, сакайып кеткенине каниет кылышы керек, - психолог


Учурда COVID-19 пандемиясы бүткүл дүйнө жүзүндө кулачын кенен жайды, анын ичинде Кыргызстанда дагы абал курч мүнөзгө айланып баратат. Ушундай шартта өлкөдө өзгөчө абал кабыл алынып, бардык жарандардын эркиндигине убактылуу чектөөлөр кирди. Кыргыз эли мындай оор абалды биринчи жолу баштарынан өткөрүп жаткандыктан оорудан коркуп, дүрбөлөңгө түшкөндөрү, ошондой эле стресске кабылгандары да жок эмес. Ошондуктан аларга позитивдүү кеңеш берүү максатында “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу, психология илимдеринин доценти Наралиева Бермет Каратаевна менен маек уюштурду.   


- Пандемия Кыргызстанда курч абалды жаратууда. Мындан улам өзүнүн ден соолугунан, өмүрүнөн кооптонуп жаткан карапайым калкка кандай кеңеш бересиз? Мисалы оору тууралуу маалымат алып коркуп кеткен учур болгондо адам өзүн кандай кармашы керек?


- Өлкө азыр элди кооптондурган, дүрбөлөңгө түшүргөн, мурда болуп көрбөгөн жана күтпөгөн башкача кырдаалга кабылып калды. Эгерде адамдар мындай абалды баштарынан өткөргөн болсо, балким ушундай кооптуу учурда өзүн кандай алып жүрүш керектиги боюнча атайын жол-жобосу болмок. Коркуп кеткенде ар бир адамда ар түрдүү реакция пайда болот. Кишилер экстремалдык абалга кабылганда ички психологиялык даярдыгы барбы ошол нерсеге, кандай кабыл алат, ага кандай реакция берет, бул нерсе бүтүндөй элдин маданиятына, менталдык ички туюмдарына, ошол элдин бай көрөңгөсүнө байланыштуу. Мисалы пандемия бардык өлкөгө тарады, бирок Италия, Испания мамлекеттерине караганда Германия өз учурунда алдын алып токтотуп калды. Бул Италияга салыштырмалуу Германияда тартип катуу экенин, жоопкерчиликтүү менталитети бар экенин көрсөттү. Биздин Кыргызстанда деле өкмөт колунан келген чараларды көрүп атат деп ойлойм, үйдө жатып сын айтуу оңой. Ушундай оор кырдаалды башкаруу бул – согуш менен барабар. Вирустун согушу болуп жаткан маалда ар бир жаран өкмөттүн айткан инструкциясын так аткарууга милдеттүүбүз.


- Өзгөчө абал кирип, көчөгө эркин чыгууга тыюу салынды жана тартип бузгандарга катаал чаралар көрүлө турган болду. Сейилдөөнү жактырган адамдар, күндө жумушка барган адамдар капаска түшкөн куштай сезип, стресс болуп аткандар жок эмес. Убакытты кандай өткөрсө болот жана кантип алаксый алышат?


- Пандемия адамзаттын жашоосуна башкача шартты, форманы алып келди. Бири-бирибиз менен кучакташа албай калдык, өбүшүп учураша албай калдык, көчөгө эркин чыга албай калдык дегендей. Үйдө камалып отурганга туура келип атат. Ушул мезгилде адамдар өзүнүн айлана-тегерегине, туугандарына, жакындарына, жаратылышка, өзүнө көңүл буруп, маани бериши керек. Балким мурда жасабай жүргөн иштерине азыр маани берип аткандыр. Баары өтөт, пандемияны жеңебиз, карантин да аяктайт деген позитив менен кайрадан ойлонуп чыгарылган гана ой менен жаңыча маани берип жакшы маанайда жашоо керек.

Стресске ар бир адам ар башкача кабылат. Бирөө өзүн жоготуп коет, бирөө анын ак-көгүн териштириши мүмкүн, дагы бири дүрбөлөңгө түшүшү ыктымал. Ар биринде ар башкача реакциянын жаралышы менен ар түрдүү стресске кабылат. Менимче, коронавирус тууралуу маалыматты: оорудан сактануунун, алдын алуунун жолдорун баары эле угуп бүттү. Азыр окуянын чын-бышыгын териштирбей туруп, адамдын психологиясына терс таасир этүүчү эмне деген гана маалыматтар чыккан жок. Адам адегенде өзүн таанып, стресске туруктуулугу барбы, же жокпу билиши керек. Эгерде аң сезимге, психикага терс таасирин тийгизген теле, радио берүүлөрдү көрүүгө даяр эмес болсо, андай көрсөтүүлөрдү көрбөй койгондору оң. Алгачкы керектүү маалыматтарды алгандан кийин стресске кабылдоочу маалыматтарды көрбөй коюшу зарыл. Ошондой эле адам убакытты кандай өткөрүүнү туура пландоо керек. Азыркы күндө жасайм десең иш толтура. Үйдө отуруп эригүү деген болбошу керек деп ойлойм, миллиондогон жумуш бар, мисалы китеп оку, кол өнөрчүлүк менен алектен жана башка.


- Оорунун бирден бир дабасы ишенич деп да коюшат. Жуктуруп алган бейтап өзүнүн психологиялык абалын кандай алып жүрүшү керек?


- Албетте жакшы нерседен үмүт үзбөшү керек. Кыргыз элине тиешелүү касиет бар, өлүп баратса дагы "Кудай буюрса жакшы" деп жооп беришет. Бул дагы болсо позитивдик элементтин бир түрү. Азыркы учурда өзүн жоошутуп, алдап бир нерсени жашырууга болбойт. Элибизде “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” дегендей, биринчи эле белгиси байкалса тиешелүү чараларды көрүү абзел. Жуктуруп алган соң дароо эле өлүмгө алып келет деген стреотиптен алыс болуп, Кудайдан жакшы нерсени тилеш керек. Медиктердин көзөмөлүндө болуп, шүгүрчүлүк кылуу абзел.


- Кыргыз эли башына түшкөн оор мүшкүлдү оңой жеңет деп ишенесизби?


- Эң эле негизгиси иммунитети күчтүү адамдар бул ооруну оңой жеңет деп жатышат. Адам канчалык нерв болсо, ошончолук иммунитети жоголот. Канчалык бейкапар, позитивдүү маанайда болсо ошончолук күчтүү болот. “Сиз ачууланган ар бир мүнөттө 60 секунд бактыңызды жоготосуз, эсиңизде болсун аны эч убакта толуктоо мүмкүн эмес” деген теорияны эске алуу керек.


- Оорудан айыгып үйүнө чыккандарды социалдык кодулоо болушу мүмкүн. Коомдо алар өзүн эркин алып жүрүшү үчүн кандай ыкманы колдонсо болот?


- Ооруга кабылган адамдын же айыгып чыккан адамдардын жакындары арасында тескери реакция толтура болуп атат. Аларды бөлүп, терс мамиле кылгандар албетте кезигет. Себеби ошол адамдан жуктуруп албайын деген мамилесин эч ким тыя албайт. Бизде эле эмес, башка өнүккөн өлкөлөрдө да мындай адамдарга болгон мамиле терс жана күчтүү болуп жатат. Ошондуктан жуктургандарга сабыр берсин, мүмкүн болушунча ал өзүн өзү башкалардан оолак алып жүрсө жакшы болмок. Канчалаган адамдар азыр өлүп калып жатышат. Андыктан айыгып чыккандар шүгүр кылып, сакайып кеткенине каниет кылуулары керек. Адамдардын ага болгон терс мамилеси улана берет. Убакыт бардыгын өз ордуна коёт, деп ойлойм. Бул дүйнөдө баардыгы убактылуу, керек болсо биз деле убактылуубуз. Ошондуктан бул ооруу да убактылуу. Бүгүнкү күн бар, эртен кандай болот аны эч ким айта албайт пародокс ушунда. Эртең таңды көрөбүзбү, жокпу билбей туруп эртеңкиге көп пландарды коёбуз. Бүгүнкү күн, азыркы мүнөттөрдө жаратмандык менен жакшылык тартуулап жашоо керек!

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Бактыбеков Ильгиз
Азыркы катаал шартта, жакшы сөздөрүңүздү айтып, кеңеш бергенинизге рахмаат. Үй бүлөңүз менен амандыкта болуңуз
Экс-Студент
КНУда акча албай баа койгон саналуу мугаимдердин бири ушул эже болчу жаркылдап. Жашыраак кезинде аябай сулуу болчу, азыр деле сынынан жаза элек экен.
Сейиткадырова Айдана
Рахмат, Бермет эже! Жакшы маалыматтарды бердиңиз.