Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 03:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 16 кош бойлуу аял каза болду, - А.Аскеров

09.09.2020 13:53
1155
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 16 кош бойлуу аял каза болду, - А.Аскеров


Пандемия башталгандан бери кош бойлуу аялдар арасында 16 өлүм катталды. Бул тууралуу  профессор, акушер-гинеколог Арсен Аскеров 9-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, коронавируска чалдыккан кош бойлуу аялдардын арасынан, жеңил даражадагы оорулуулар үй шартында, орточо жана оор абалдагы бейтаптар №2 төрөт үйүндө дарыланып жатышкан. 


"Учурда, вирустун катталуусу азайгандыгына байланыштуу, жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланышууда. Бүгүнкү күнгө чейин, 536 кош бойлуу аял дарыланып чыккан. Тилекке каршы, 16 өлүм учуру катталды. Иликтөөнүн жыйынтыгында, бул учурлар оор даражада болуп, дарыланууга карабастан каза болушкан. Ошондой эле, учурда кош бойлуу аялдарды диагностикалоо жана дарылоо көрсөтмөлөрү өзгөртүлдү”, - деди Арсен Аскеров.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн