Коронавирус пандемиясы миллиондогон адамдардын өмүрүн гана албастан, дагы жүздөгөн миллион адамдарды жумушсуз калтырды. Ошентип Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул пандемия тууралуу жарыялаганына март айынын орто ченинде туура бир жыл толду. Тилекке каршы, дагы деле илдеттен толук кутула элекпиз.
Пандемиянын адамзат жашоосуна тийгизген таасирлери кадимкидей байкалды. Биринчи кезекте жумушсуздардын армиясын кеңейтсе, экинчи кезекте аралыктан иштөө тартибин киргизди. Натыйжада жакырчылык күчөдү. Адамдар көптөгөн керектөөлөрүнөн баш тарта баштады. Пандемиянын мындан аркы таасирлери кандай болорун божомолдоо да кыйын.
Эл аралык эмгек уюмунун берген баасына таянсак, covid-19дун таасири 2009-жылдагы экономикалык кризистин таасиринен да алдаканча күчтүү болду. Пандемиянын таасиринен улам бүткүл дүйнөлүк жумушчу саатынын көлөмү 2019-жылдын төртүнчү кварталына салыштырмалуу болжолдуу 8,8%ка кыскарды. Бул деген 255 миллион жумушчунун толук жумуш убактысына барабар. Мунун ичинде жумушун толук жоготкондор жана жумуш сааты кыскаргандар бар.
Жумушчу сааттарынын кыскарганы баарынан көбүрөөк Түндүк жана Түштүк Америкада байкалды. Ал эми Европа жана Борбор Азияда азыраак.
Жыйынтыктап айтканда, өткөн жылы 2019-жылга салыштырмалуу дүйнө жүзүндө 114 миллион жумушчу оруну кыскарганга барабар болду. Бул жумушчу орундары тууралуу гана кеп кылганда. Ал эми жумушчу сааттарынын кыскарганы кошулса, жогоруда белгилеп кеткендей 255 миллион жумушчунун толук жумуш убактысына барабар.
Жумушсуздукка эркектерге караганда аялдар көбүрөөк кабылды. Тактап айтсак, 5%ка жогору. Жаш кызматкерлер да жашы өйдөлөргө салыштырмалуу көбүрөөк жумушсуздукка кептелди - 8,7%.
Эл аралык эмгек уюмунун баасы боюнча, эмгек ишмердүүлүгүнөн түшкөн дүйнөлүк жалпы киреше өткөн жылы 8,3%ка төмөндөдү. Бул деген 3,7 триллион доллар дегенди түшүндүрөт же дүйнөлүк ички дүң продуктунун 4,4%ы.
Эмгек кирешесин эң көп жоготуулар Түндүк жана Түштүк Америкада (10,3%0, салыштырмалуу аз жоготкондор Азиялык-Тынч океандык региондо (6,6%) катталды.
Эл аралык эмгек уюмунун эксперттери covid-19ка каршы вакцинациянын арты менен 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгында экономиканын акырындык менен туруктуу калыбына келиши башталат дешет. Ошол эле убакта эмгек рыногундагы кырдаал да турукташышы керек.
Эл аралык валюта фондунун божомолуна негизделген кырдаалдын өнүгүшү боюнча үч сценарий бар. Биринчиси, базалык сценарий, ага ылайык үстүбүздөгү жылы 2019-жылдын төртүнчү кварталына салыштырмалуу мындан аркы жумушчу убакыттарынын жоголушу 3%ды түзөт. Башкача айтканда, 90 миллион жумушчу орунуна туура келет.
Пессисмисттик сценарий боюнча, 2019-жылдын төртүнчү кварталына салыштырмалуу 2021-жылы жумушчу убакыттарын жоготуу 4,6%, же 130 миллион жумушчу оруну деңгээлинде сакталат.
Ал эми оптимисттик сценарий боюнча, бул жылы дүйнө жүзү боюнча жумушчу убактысынын кыскарышы 1,3%дык көрсөткүч, же 36 миллион жумушчу оруну деңгээлинде болот. Албетте, 2019-жылдын төртүнчү кварталына салыштырмалуу.
Дүйнө мамлекеттеринин ичинде Кыргызстанда да жумушсуздардын армиясы көбөйдү. Эл аралык эмгек уюмунун анализдөөсү боюнча, пандемия башталганга чейин Кыргызстанда 737 миң адам соода-сатык, транспорт жана склад чарбачылыгы, мейманкана бизнеси жана коомдук тамактануучу жайларда, кыймылсыз мүлктөр операциясы, искусство жана оюн-зоок секторлорунда иштеп келишкен. Пандемия мына ушул секторлорго баарынан көбүрөөк сокку берген.
Кыргызстандын саламатыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин баасы боюнча 2020-жылдын апрель айынын башынан тарта өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргенинен улам 1,8 миллион адам акча табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Акча табуу мүмкүнчүлүгүнүн жоголгонунан улам жумушсуздардын саны арткан. 2021-жылдын март айындагы статистика боюнча Кыргызстанда жумушсуздардын саны 78,4 миң адамды түзөт.
2020-жылдын май айында экономика министрлигинин жүргүзгөн анализдөөсүнө таянсак, кризиске чейин иштеп келген жарандардын үчтөн бир бөлүгү, же 700 миң адам убактылуу жумушунан бошотулган, эмгек келишимдерин токтотушкан же айлык акысы сакталбаган өргүүгө чыгууга аргасыз болушкан.
Эл аралык эмгек уюмунун эксперттери Кыргызстандын жарандарынын жумушсуз калган бир бөлүгү айыл чарба жумушдары менен алек болушат деп божомолдойт. Себеби, социалдык коргоонун чектелгени жана альтернативалык кирешенин жоктугунан улам алар күнүмдүк тиричилик үчүн киреше табууга аргасыз болушат.
Албетте, кыргызстандыктар өз оокаттарын өздөрү тыңдоого көнүп калгандарына көп эле болду. Мамлекет тарабынан калкты жумуш менен камсыз кылуу, социалдык коргоого алуу жагы бизде башынан жакшы жолго коюлбаган. Бирок, бул жолу эми кыргыз өкмөтү да ойлоно турган учур келди. Пандемия шартында өз өлкөсүнүн экономикасын турукташтыруу, жарандарын камкордукка алуу ар бир мамлекеттин мойнундагы милдети. Андыктан пандемиядан улам жумушсуз калгандарга жумушчу орундарын түзүү, экономиканы турукташтыруу багытында кыргыз өкмөтүнүн конкреттүү программасы иштелип чыгышы маанилүү. Мамлекеттик мекемелердин ортосунда түрдүү деңгээлдеги эффективдүү кызматташуулар орун алышы керек. Эгерде аракетсиздик дагы деле улана берсе, анда пандемиянын кесепети улам күчөй берет.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн