Бугу 09, 2024
Убакыт: 20:01
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Пандемия кырдаалында шайланган президенттердин инаугурациясы кандай болду?

28.01.2021 11:27
762
Пандемия кырдаалында шайланган президенттердин инаугурациясы кандай болду?

Бүгүн борбор калаабыздагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда шайланган президент Садыр Жапаровдун калк алдында ант берүү аземи өтүүдө. Аны республикалык телеканалдар түз эфирде чагылдырып беришерин буга чейин мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирген.


Иш-чарага негизинен катардагы жарандар, ошондой эле коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенция, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылган. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу журналисттерди аккредитациялоо болгон жок. Анын үстүнө иш-чара түз эфирде, онлайн чагылдырылат. Ал эми алдыңкы ата мекендик жана чет элдик ММКлардын жетекчилери конок катары чакырылышты. Ошондой эле коноктордун арасында экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү бар. Жалпысынан 1000дин тегерегиндеги адамдардын катышуусунда инаугурация өтүүдө.


КР ИИМи бул күнү борбор калаанын Ч. Айтматов, Манас жана Чүй проспектилери жабылбай турганын, болгону кортеж өтүп бараткан учурда гана бир нече секундага кыймыл токтотуларын маалымдаган. Бул дагы шаардагы автотыгындын жаралышына жол бербөө максатында көрүлгөн камкордук экени белгилүү. Эске сала кетсек, буга чейин С. Жапаров өзү да инаугурация күнү жол тосуулар болбостугун жана айтылып жаткан 10 миллион сомдук чыгым сарпталбай турганын билдирген.


Чакырылган коноктордун баары тең ПЦР-тест тапшырышкан. Себеби дүйнө мамлекеттерин сестентип турган коронавирус пандемиясы дагы деле кооптуулугунан жазбай турат.

Мына ушул пандемия маалында башка өлкөлөрдөгү жаңы шайланган президенттердин инаугурациясы кандай өткөн? Кепти ушул багытта улантсак.


Кече жакында эле, тактап айтсак 20-январда дүйнөлүк ири держава АКШнын 46-президенти Джо Байдендин инаугурациясы болуп өттү. Инаугурация алдында Вашингтондун борборунда көчөлөр жабылып жана коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн 25 миң күч кызматкерлери тартылды. Буга себеп 6-январдагы Капитолийди кетип жаткан президент Трамптын тарапташтарынын басып алган окуясы болду окшойт.


Бул жолку АКШ президентинин инаугурациясындагы дагы бир өзгөчөлүк – бул Вашингтондогу Улуттук аллеяга мурда жүз миңдеген америкалыктар келип катышып жүргөн болсо, бул жолу ал аллеяда эпидемиядан каза болгондорду эскерүү желектери орнотулганы болду. Пандемияга байланыштуу коноктордун саны да чектелүү болду, ал эми салттуу парад сыяктуу массалык иш-чаралар өткөрүлгөн жок.


Инаугурацияга экс-президенттер жубайлары менен Барак Обама жана Мишель Обама, Джордж Буш жана Лора Буш, Билл Клинтон жана Хиллари Клинтон катышты. Сценада жалпысынан 200дөй адам болду. Алар алдын-ала коронавируска карата тест тапшырышкан жана аралыкты сактап отурушту. Мурдагы инаугурацияларда 200 миңге чейин адамдар катыша алат эле. Бирок бул жолу эркин катышууга болгону 1 миң гана билет келип түшкөн.


Өткөн 2020-жылдын 24-декабрында Молдованын бешинчи президенти Майя Санду мамлекет башчысы катары кызматына расмий киришти. Ошол күнү анын инаугурациясы коронавирус пандемиясына байланыштуу республиканын Сарайында болгону 200 кишинин катышуусунда өттү. Анын ичинде парламент депутаттары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, мыйзам чыгаруу органынын спикери Зинаида Гречаный жана экс-премьер-министр (23-декабрда, инаугурацияга бир күн клаганда кызматтан кеткен) Ион Кику катышты. Сандуга чейинки президент Игорь Додон жана социалист-парламентарийлер иш-чарага келген жок. 


2020-жылдын 6-августунда Польшанын экинчи мөөнөткө шайланган президенти Анджей Дуданын инаугурациясы өттү. Ага мурдагы президенттерден бир гана Александр Квасьневский катышты. Ал дагы «Мен инаугурацияга мамлекетке, президенттик кызматка жана шайлоого барган шайлоочуларга урмат-сый үчүн катышып жатам» деп билдирген. Ал эми инаугурацияга катышуудан баш тарткандар – экс-президент Бронислав Коморовский, мурдагы премьер-министрлер Лешек Миллер жана Влодзимеж Чимошевич, ТИМдин мурдагы министри Радослов Сикорский болду. Булардан сырткары дагы бир топ таасирдүү саясатчылар, оппозиция өкүлдөрү салтанатка катышуудан баш тартышты. А. Дуда Улуттук жыйындын алдында ант берген.


Ал эми Белоруссиянын узак жылдардан берки президенти Александр Лукашенконун кезектеги инаугурациясы дүйнө коомчулугу үчүн жашыруун өткөндөй таасирде калды. Өткөн жылдын 23-сентябрында Минскидеги Көз карандысыздык Сарайында бир нече жүздөгөн коноктордун катышуусунда Лукашенко ант берди. Ошол күнү белоруссиялык ММКларда Минскинин борбору тосулуп турганын жана Лукашенконун кортежи Көз карандысыздык Сарайына келгенин көрсөткөн фото-сүрөттөрдү жарыялаган.


Ал эми 28-январдагы С. Жапаровдун инаугурациясына оппозициялык маанайдагы таасирдүү саясатчлылар да келгени маалым болду. Алардын арасында Ө. Бабанов, Ө. Текебаев да бар. С. Жапаровдун президенттик кызматка киришүүсү көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн үмүт отун жандырып турат. Эми ошол үмүттөр акталышын гана Жараткандан сурайбыз. Бүгүн борбор калаабыздагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда шайланган президент Садыр Жапаровдун калк алдында ант берүү аземи өтүүдө. Аны республикалык телеканалдар түз эфирде чагылдырып беришерин буга чейин мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирген.


Иш-чарага негизинен катардагы жарандар, ошондой эле коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенция, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылган. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу журналисттерди аккредитациялоо болгон жок. Анын үстүнө иш-чара түз эфирде, онлайн чагылдырылат. Ал эми алдыңкы ата мекендик жана чет элдик ММКлардын жетекчилери конок катары чакырылышты. Ошондой эле коноктордун арасында экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү бар. Жалпысынан 1000дин тегерегиндеги адамдардын катышуусунда инаугурация өтүүдө.


КР ИИМи бул күнү борбор калаанын Ч. Айтматов, Манас жана Чүй проспектилери жабылбай турганын, болгону кортеж өтүп бараткан учурда гана бир нече секундага кыймыл токтотуларын маалымдаган. Бул дагы шаардагы автотыгындын жаралышына жол бербөө максатында көрүлгөн камкордук экени белгилүү. Эске сала кетсек, буга чейин С. Жапаров өзү да инаугурация күнү жол тосуулар болбостугун жана айтылып жаткан 10 миллион сомдук чыгым сарпталбай турганын билдирген.


Чакырылган коноктордун баары тең ПЦР-тест тапшырышкан. Себеби дүйнө мамлекеттерин сестентип турган коронавирус пандемиясы дагы деле кооптуулугунан жазбай турат.

Мына ушул пандемия маалында башка өлкөлөрдөгү жаңы шайланган президенттердин инаугурациясы кандай өткөн? Кепти ушул багытта улантсак.


Кече жакында эле, тактап айтсак 20-январда дүйнөлүк ири держава АКШнын 46-президенти Джо Байдендин инаугурациясы болуп өттү. Инаугурация алдында Вашингтондун борборунда көчөлөр жабылып жана коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн 25 миң күч кызматкерлери тартылды. Буга себеп 6-январдагы Капитолийди кетип жаткан президент Трамптын тарапташтарынын басып алган окуясы болду окшойт.


Бул жолку АКШ президентинин инаугурациясындагы дагы бир өзгөчөлүк – бул Вашингтондогу Улуттук аллеяга мурда жүз миңдеген америкалыктар келип катышып жүргөн болсо, бул жолу ал аллеяда эпидемиядан каза болгондорду эскерүү желектери орнотулганы болду. Пандемияга байланыштуу коноктордун саны да чектелүү болду, ал эми салттуу парад сыяктуу массалык иш-чаралар өткөрүлгөн жок.


Инаугурацияга экс-президенттер жубайлары менен Барак Обама жана Мишель Обама, Джордж Буш жана Лора Буш, Билл Клинтон жана Хиллари Клинтон катышты. Сценада жалпысынан 200дөй адам болду. Алар алдын-ала коронавируска карата тест тапшырышкан жана аралыкты сактап отурушту. Мурдагы инаугурацияларда 200 миңге чейин адамдар катыша алат эле. Бирок бул жолу эркин катышууга болгону 1 миң гана билет келип түшкөн.


Өткөн 2020-жылдын 24-декабрында Молдованын бешинчи президенти Майя Санду мамлекет башчысы катары кызматына расмий киришти. Ошол күнү анын инаугурациясы коронавирус пандемиясына байланыштуу республиканын Сарайында болгону 200 кишинин катышуусунда өттү. Анын ичинде парламент депутаттары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, мыйзам чыгаруу органынын спикери Зинаида Гречаный жана экс-премьер-министр (23-декабрда, инаугурацияга бир күн клаганда кызматтан кеткен) Ион Кику катышты. Сандуга чейинки президент Игорь Додон жана социалист-парламентарийлер иш-чарага келген жок. 


2020-жылдын 6-августунда Польшанын экинчи мөөнөткө шайланган президенти Анджей Дуданын инаугурациясы өттү. Ага мурдагы президенттерден бир гана Александр Квасьневский катышты. Ал дагы «Мен инаугурацияга мамлекетке, президенттик кызматка жана шайлоого барган шайлоочуларга урмат-сый үчүн катышып жатам» деп билдирген. Ал эми инаугурацияга катышуудан баш тарткандар – экс-президент Бронислав Коморовский, мурдагы премьер-министрлер Лешек Миллер жана Влодзимеж Чимошевич, ТИМдин мурдагы министри Радослов Сикорский болду. Булардан сырткары дагы бир топ таасирдүү саясатчылар, оппозиция өкүлдөрү салтанатка катышуудан баш тартышты. А. Дуда Улуттук жыйындын алдында ант берген.


Ал эми Белоруссиянын узак жылдардан берки президенти Александр Лукашенконун кезектеги инаугурациясы дүйнө коомчулугу үчүн жашыруун өткөндөй таасирде калды. Өткөн жылдын 23-сентябрында Минскидеги Көз карандысыздык Сарайында бир нече жүздөгөн коноктордун катышуусунда Лукашенко ант берди. Ошол күнү белоруссиялык ММКларда Минскинин борбору тосулуп турганын жана Лукашенконун кортежи Көз карандысыздык Сарайына келгенин көрсөткөн фото-сүрөттөрдү жарыялаган.


Ал эми 28-январдагы С. Жапаровдун инаугурациясына оппозициялык маанайдагы таасирдүү саясатчлылар да келгени маалым болду. Алардын арасында Ө. Бабанов, Ө. Текебаев да бар. С. Жапаровдун президенттик кызматка киришүүсү көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн үмүт отун жандырып турат. Эми ошол үмүттөр акталышын гана Жараткандан сурайбыз.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн