Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пандемия кыргыз экономикасын алсыратты

27.03.2020 10:54
741
Пандемия кыргыз экономикасын алсыратты


Эл аралык валюталар фондунун аткаруу кеңеши 26-мартта буга мүчө-мамлекеттерге COVID-19 вирусуна байланышкан маселелерди чечүүгө ыкчам каржылык жардам берүү максатындагы биринчи суроо-талапты (запрос) жактырды. Бул тууралуу Эл аралык валюталар фондунун сайтында маалымдалды.


Кыргыз Республикасынын талабын бекитүү менен бийликке 120,9 млн АКШ долларын коронавирус пандемиясынан келип чыккан маселелерге байланыштуу шашылыш керектөөлөрүн канааттандырууга бөлүп берет.


Бул ошондой эле донордук түрткү берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында аталган вирстан улам келип чыккан чыгашаларды акысыз колдоо болуп саналат.


Эл аралык валюталар фонунун аткаруу кеңеши 80,6 млн долларды тез арада каржылоо инструменти боюнча механизмдерди ишке ашырууга жана 40,3 долларды токтоосуз насыялоо механизмдери боюнча төлөм балансына бөлүп берди.


Аталган кеңештин маалыматы боюнча, пандемияга байланышкан маселелер Кыргызстандын макроэкономикалык өнүгүүн алсыздатты жана төлөмдөр балансына 400 млн долларга тартыштык жаратты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн