Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Пандемия көз караштардагы көшөгөнү сыйрыдыбы?

09.07.2020 10:25
1297
Пандемия көз караштардагы көшөгөнү сыйрыдыбы?


Адам баласы качан алкымына бычак такалганда гана өмүрдүн таттуулугун жана анын Жараткандан аманат берилген белек экенин эстеп калат экенбиз. Өлүм өмүрдүн гүлү качан соолуйт болду экен деп ар бирибизди акмалап жүрөөрүн да ушунда билебиз. Ага чейин дүйнөгө түркүк болчудай дүнүйө жыйноо, мансапка умтулуу, өзүмчүлдүк, ач көздүк деген азгырыктар менен алпурушат турбайлыбы. 


Азыркы тапта ааламды коронавирус пандемиясы каптап турат. Адеп бул илдет Кытайдан Европа мамлекеттерине ооп, ал жакта ооруканаларда орун жетишпей, адам өмүрлөрү тынымсыз кыйылып жатканын угуп-билип жатсак дагы кыргыз коомчулугу кадимки кенебестик сапатыбызды көрсөттүк. «Мындай оору жок, жөн эле саясат» деп да жүрдүк. Тилекке каршы, ал саясат эмес, чындыгында эле коркунучтуу оору болуп чыкты. Бул илдетке чалдыккандардын саны күнүнө 300, 400, 500дүн тегерегинде болуп, каза болгондор (пневмония оорусунан каза болгондорду кошкондо) 30, 40, 50нүн тегерегинде болууда. 


Биз мурдубуздун учуна чейин суу жеткенин эми баамдадык. Жакындарын жоготкондор кайгыга батып, аларды көргөндөр алдастап калды. Адистердин айтымында пандемиянын экинчи, үчүнчү толкундары да болушу мүмкүн. Эгер ошондой боло турган болсо, анда анын таасирлери кандай болушу мүмкүн?


Пандемиянын биринчи толкуну бизге «Биринчи кезекте адам болгула» деген Улуу Күчтүн эскертүүсүн толук жеткизе албай турат. Бизге чейинки замандарда эле «Кайрымдуулук, боорукерлик тынч гана жасалат. Калганынын баары театр» деп айтылып келген. Айрымдарга катуу тийиши мүмкүн, бирок кептин ачыгы биз учурда ошол «театрга» күбө болуп отурабыз. 


Жасалма күйүп-бышуу менен учурдан пайдаланып элге жакшы көрүнүп алуу аракеттерин да көрүп турабыз. 


Эл башына кара түн түшүп турса, ошондон да пайда таап калууну көздөгөндөрдү көрдүк. Дарыканаларда айрым дары-дармектердин баалары 3-4 эсеге кымбаттады. Ал эми коронавирусту жайылтпоо үчүн эл аралык уюмдардан, чет мамлекеттерден келген жардам жана кредиттерди да ошол убактагы өкмөт максаттуу пайдалана албаганы байкалды. Айрым дары-дармектер, медициналык каражаттар кымбаттатылган баада сатылып алынганы белгилүү болду. Тендерлерди өткөрүүдө айрым компаниялардын кызыкчылыктарын коргоого алгандары да айтыла баштады. Бул маселе боюнча экс-саламаттык сактоо министри суракка чакырылды. Эми калганы да суралышы керек. 


Мамлекетибиздин максаты жок, таасын ыргакка салынган системасы жок эле жашап келатканын жашыра албай калдык. Жогорку мамлекеттик кызматтагылар мамлекетти эмес, өздөрүн кантип байытып алуунун жолун издесе, эл деле кандай жол менен болсо да оокат тиричилигин тыңдап алуу менен жашап калыптыр. Бар болгон максатыбыз – байлык жыйноо менен чектелген экен. 


Пандемия бизге кандай сабак бериши керек? Бийлик биринчи кезекте мамлекетти, мамлекетте жашаган элди максаттуу жашоого умтула тургандай реалдуу идеологияны иштеп чыгуусу зарыл. Чаржайыттык, жөн гана байлыктын жана мансаптын кулуна айлануу – адам баласынан адамдык баалуулуктарды тартып алат. Адамдык баалуулуктарды сактап, бапестеп кармап тура турган бул – жандүйнө. Жан дүйнөнү азыктандыруучу куралдар – маданият жана адабият. Бул тармак киреше алып келүүчү тармак эмес. Ырас, жеңил-желпи түрлөрү менен чексиз байыгандар бар. Бирок, андай түрү коомду туура жолго баштай албайт, тарбиялоо функциясы жок. Алар жөн гана башты шылкылдатып, көл-шал түшүрө тердете бийлете алат. Жеңил-желпи кинолор, адабий чыгармалар коомду тескери жолго гана баштай алат. Алар азгырык. Ал эми коомду тарбиялай турган маданият, адабияттын функциясы такыр башка. Алар өзүн-өзү каржылоо мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Аларды багуу керек. Багууга кеткен каражат – татыктуу, маданияттуу, билимдүү, интелектуалдык деңгээли бийик коомду түзүүгө сарпталган болот. Демек, каражат бекерге кетпейт. 


Эң башкысы жалпы адамзат пейилибизди оңдоп, жасалмалуулуктан, кайдыгерликтен, бузукулуктан, популизмден, текеберчиликтен, кенебестиктен арыла турган учурга жеттик. Пандемия адамдын адамдай жашоо жолуна түшүүсү керек экенине жасалган эскертүү. Ага көңүл бурбай коюу, артынан дагы тоодой кайгыны жүктөй келиши мүмкүн.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн