Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:47
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Пандемия маалында бааларды жогорулаткандыгы үчүн Бонецкий лабораториясына 423 млн айып салынды

16.04.2024 11:48
90
Пандемия маалында бааларды жогорулаткандыгы үчүн Бонецкий лабораториясына 423 млн айып салынды


Бонецкий лабораториясына 423 млн сом айып салынды. Алар пандемия маалында бааларды жогорулаткан. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Ведомство тарабынан лабораториялык изилдөө рыногунда КРнын “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамды бузгандыгы үчүн “Интелмед” ЖЧКнан (Бонецкий лабораториясы) көрсөтүлгөн сумманы республикалык бюджетке төлөтүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

Кызмат тарабынан жүргүзүлгөн талдоого ылайык,“Интелмед” ЖЧКсы өзгөчө кырдаал убагында (Covid-19 пандемиясы) өзүнүн үстөмдүк абалынан пайдаланып,коронавирустук инфекцияны ПЧР-тестирлөө жүргүзүү кызматтарына монополиялык жогорку бааларды койгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн