Кыргызстанда кандай кыңыр иш жасалса дагы, ал баары бир ачыкка чыгып калары белгилүү эле болуп келет. Бирок, ачыкка чыгып калган кыңыр иштердин баары эле аягына чейин териштирилип, ийнине жеткире аткарылганын көрө элекпиз. Ачылган кыңыр иштерди кайра башкасы келип жаап салмай бизде адат болуп калбадыбы. Ошондон улам мамлекеттин, элдин эсебинен уурдап баюу аракеттери токтобой келет.
Өткөн жылдын жай айлары баарыбыз үчүн эле өтө оор мезгил болду. Өзгөчө июль айында суткасына 30-40 адам коронавирус илдетинен каза таап жатты. Ооруканаларда орун жетишпей, дары-дармектердин, беткап, антисептик сыяктуу жеке коргонуучу каражаттардын таңкыстыгы билинди. Ошол эле убакта дары-дармектердин баалары 3-4 эселеп кымбаттады. Ансыз да жумушсуз үйүндө отуруп калган жарандар үчүн өтө оор болду.
Бир сөз менен айтканда, ошол убактагы кыргыз өкмөтү коронавирус пандемиясына жеткиликтүү даярдык көрбөгөнү билинди. Жеткиликтүү даярдык көрмөк турсун, чет мамлекеттерден келген гуманитардык жардамдарды да адилет бөлүштүрүүнү ишке ашыра алышпаганы айтылып келет. Ар кандай эл аралык уюмдардан, мамлекеттерден гранттар, кредиттер келди. Тилекке каршы, ошол апаат маалында да акча жасап калалы деген шылуундар болгон экен.
Учурда ошол пандемия маалындагы адам өлүмдөрүнө кимдер жоопкер экенин жана гуманитардык жардамдардын бөлүштүрүлүшү кандай болгонун иликтөө жүрүүдө. Бул боюнча атайын мекеме аралык комиссия да түзүлүп, алар өз жыйынтыгын чыгарды. Бул комиссияны учурдагы вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жетектейт. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча коронавирустан каза болгондордун саны расмий айтылып келген маалыматтан үч эсеге көп экени аныкталган. Башкача айтканда, азыр бул илдеттен каза болгондордун саны 1 400 чамалуу айтылып жатса, чындыгында 4 миңден ашык экенин комиссия аныктаган.
Мындан тышкары комиссия дары-дармек департаментиндеги иштерди да иликтеген. Иликтөөдө сырттан келген гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүндө эки ача маалыматтар чыккан. Мисалы, коргоочу каражаттардын таратылганы боюнча маалыматтар штабда башка, министрликте башка, ал эми ооруканаларда таптакыр башка болгон. Коронавируска каршы республикалык штаб көп эле чечимдерди чыгарып, протоколдор жазылганы менен көпчүлүгү аткарылган эмес. Пандемиядагы абалдан пайдаланып, бизнес жасагандар болгон. Врачтарды окутуу иштери август айында гана башталган экен. Айрым жетекчилер, «ооруп калдым» деп жумушка чыкпай үйлөрүнө жатып алган.
Комиссиянын ишинен тышкары пандемиядагы өлүмдөр жана анын күңгөй-тескейлери боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) экс-чиновниктерди суракка чакырып жатканы белгилүү. Ошол убактагы премьер-министрлер, вице-премьерлер, министрлер суралып жатат. Албетте, азыртадан эле түшүнүктүү болуп турган нерсе, ал экс-чиновниктер күнөөлөрүн мойнуна алышпайт. Бизде ушул күнгө чейин кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, камакка алынган бир дагы чиновник күнөөсүн өз каалоосу менен мойнуна алалек. Баары эле камакка алынгандан кийин жүрөк оорулуу болуп чыга келишет. Саясий куугунтук дешет. Пандемия убагында сырттан келген жардамдарды, гранттарды, кредиттерди да жеке кызыкчылыгына көбүрөөк буруп жибергендер деле күнөөлөрүн моюндарына алышпайт. Күнөөлөрүн моюндарына алышпаган соң, ошондогу келтирилген зыяндардын ордун толуктап бергилери келбейт. Эгерде зыяндын ордун толуктап, аларды төлөтө албай турган болсок, жөн гана камакка алып, кайра мамлекеттин эсебинен багып отура берүүнү кажети барбы?
Мен бул суроо менен эмнени айткым келет? Ошол пандемия маалында келген грант, кредиттерди өөнөп алган чиновниктерди келтирген зыяндарын ашыгы менен төлөтүү механизмдерин иштеп чыгуу зарыл. Мисалы, алардын банктардагы счетторун, кымбат баалуу мүлктөрүн мамлекеттин эсебине кайтарып алса болот.
Экинчиден, ошол пандемия маалында бир топ ишкерлер зыян тартты. Албетте, пандемия маалында дүйнө жүзү боюнча ишкерлик зыянга учурады. Бирок, башка мамлекеттерде ошол ишкерлерине колдоо көрсөтүү, компенсация төлөдү. Бизде ошол нерсе болдубу?
Айтор, пандемия жоопкерчилигин карап жаткан комиссия жана тиешелүү укук коргоо органдары жөн эле «Ушунча мамлекетке зыян болгон, уурдалган» деген эле тыянак чыгарып токтоп калбай, аны кайра калыбына келтирүүнүн механизмин иштеп, аны ишке ашырса гана мындан ары жогорку кызматтарда отургандар ойлонуп калышат.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн