Бугу 12, 2024
Убакыт: 05:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Пандемия менен күрөшүүдө Кыргызстандын БУУ тутуму менен өз ара ийгиликтүү аракеттери белгиленди

05.08.2020 09:07
1058
Пандемия менен күрөшүүдө Кыргызстандын БУУ тутуму менен өз ара ийгиликтүү аракеттери белгиленди


Кечээ, 4-августта тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун КОВИД-19 боюнча жооп кылуу жана калыбына келтирүү фондунун башчысы Йенс Вандель мырза менен онлайн жолугушуу өткөрдү, деп маалымдайт Министрликтин басма сөз кызматы.

Жолугушууга БУУ тутумунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонния Ожиело мырза дагы катышты. Маектин жүрүшүндө министр Ч.Айдарбеков пандемия жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө кирешеси төмөн жана орто деңгээлдеги өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган БУУнун КОВИД-19 боюнча жооп кылуу жана калыбына келтирүү фондунун түзүлгөндүгү менен куттуктады.

Коронавирус жуктурган жарандардын саны кескин көбөйгөндүгүн белгилөө менен эпидемиологиялык жагдайды турукташтыруу, социалдык милдеттенмелерди аткаруу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана экономиканы калыбына келтирүү сыяктуу актуалдуу милдеттерге көңүл бурду. Мындан улам ушул маселелер боюнча аталган фонд тарабынан көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

ТИМ башчысы коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстандын БУУнун тутуму менен өз ара аракеттенүүсүнүн ийгиликтүүлүгүн белгиледи. Атап айтканда, ушул жылдын апрель айында президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун башкы катчысы А.Гутерришке кайрылуусуна жооп катары 2020-жылдын май айында финансылык жардам ыкчам келип түшкөндүгү тастыкталды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн