Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пандемия менен күрөшүүгө 50 млн доллар насыя алууну ЖК комитети колдоду

26.05.2020 13:15
1851
Пандемия менен күрөшүүгө 50 млн доллар насыя алууну ЖК комитети колдоду


Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “COVID-19 пандемиясына ыкчам чара көрүү жана оору менен күрөшүүгө кеткен чыгымдарды колдоо программасы боюнча Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралып, колдоо тапты.


Жыйында баяндама жасаган каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов сунушталып жаткан программа Азия өнүктүрүү банкы тарабынан өкмөткө көрсөтүүлүүчү каржылык колдоону камтый тургандыгын белгилеп, алынган каражат COVID-19 илдетинин ден соолукка зыяндуулугун азайтуу менен социалдык-экономикалык каатчылыкты төмөндөтүүгө жумшаларын кошумчалады.


Тагыраагы, бюджетти колдоо багытында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 50 млн АКШ доллары алынат. Анын 25 млн доллары грант, калганы кредит.   

Аталган программанын кредиттик бөлүгү 24 жылга алынып, анын 8 жылы 1%дык жеңилдетилген мөөнөт, ал эми калган негизги мөөнөт 1,5%дан төлөнөт.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Суйун Жумашева.
Ошол алган акчанын 25 миллион $ларын кредит толой албай жаткан карапайым адамдарга жардам катарында берсин ,окмот ал эл учун келип жатат.
Букарбаева Гульзана
Туура айтасыз бирок андай болбойт.