Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 22:01
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Пандемия саясий элитаны жаңылай алабы?

20.07.2020 09:26
1393
Пандемия саясий элитаны жаңылай алабы?

 

Күтүүсүздөн жер шарына өтө чоң коркунуч жаратып кирип келген covid-19 пандемиясы бат эле адамзатынын ар кандай апааттардын алдында алсыздыгын далилдеп койду. Динчили да, динсизи да бир гана Кудайдан жардам күтүп, апааттан эртерээк куткарууну сурап турат. Пандемия өзгөчө бизге окшогон экономикасы алсыз өлкөлөргө он эсе оорчулук жаратты. 


Мисалы, азыркы тапта өкмөт тарабынан канчалык аракеттер жасалбасын, баары бир медициналык жабдуулардын, дары-дармектердин, алтургай медиктердин өздөрүн коргоочу кийим-кечектердин тартыштыгы оркоюп көрүнүп калууда. Ооруканалардын тартыштыгын ушундан билиңиз, чайкана-кафелер, мечиттер да күндүзгү жана түнкү стационарларга айланды. 


Бул албетте кече жакындан бери эле жарала калган көйгөй эмес. Отуз жылга чукул убакыттан берки мамлекеттик саясаттын эффективдүү жүргүзүлбөгөнү. Пандемияга байланыштуу азыр биз саламаттыкты сактоо тармагындагы гана көйгөйлөрдү ачык көрө алдык. Бул тармак тамтыгы чыгып калган экен. Калган тармактарыбыз деле жыргап кетпегенин баамдаш кыйын эмес. Бир кыштан чыкпай жыртылып калчу жолдорубуз транспорт министрлигинин, чирип өтпөй калчу картошкалар айыл-чарба министрлигинин, ишти жасамак тургай сөздү жөндөп айта албаган депутаттарыбыз билим берүү системасынын жедеп тамтыгы чыгып калганын көрсөтүп турат. Кыргызстан кайда баратканын билбеген, деңиз үстүндөгү жел жана анын толкуну кайда айдаса ошол жакка чайпалып кете берген кеменин кейпинде экен. 


Буга ким күнөөлүү? Албетте, 30 жылга чукул убакыттан бери мамлекетти кезектешип башкарып, бири-биринен бийлик талашып келген саясий элитада. Көкүрөктөрүн мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган идеяларга, креативдүү пландарга эмес, убактылуу убадаларга толтургандар суверендүү өлкө болгонубуздан бери саясий сахнада «концерт» коюп келатышат. 


Өкүнүчтүүсү ошол эски саясатчыларга жаңыдан кошулган жаш саясатчылар да бат эле алардын жетегинде калды. Популизм туу чокуга чыкты. Билимдүү, маданияттуу, сабырдуу, чечкиндүү, креативдүү, интелектуалдык деңгээли бар жаштарды да азыр саясат майданынан чырак менен издеп таппайсың. Ыңгайлуу учурду таап, сүйлөп калганды билгендер, элге жага тургандай бапылдап, ары жакта өзүнө гана жага тургандай иштерди жасаган жаш саясатчылар арбын. Сын көтөрө алышпайт. Дароо теригет. Мыкты коргонуу – озунуп чабуул жасоо деген принципти карманышат. 


Мына ушундай эски жана жаңылардан турган популист саясий элита менен мындан ары келечегибиз кандай болот? Булар мамлекетибизди отуз жылга жеткирбей эле шал кылып кое жаздашты. Ичээр суусу түгөнөр алдында балдарына керээзин айткысы келген адамдын абалында турат. Мындай абалда атанын балдары акылдуу болсо, керээзди кунт коюп угуп, анан аны аткаруунун камын көрүшөт. Балдары акылсыз болсо атасынан калган мал-мүлктөрдү эртерээк бөлүп, талап кетүү менен алектенет. Биздеги саясий элита да дал ошол экинчи типтегилерден болуп турганы өкүнүчтүү. Көпчүлүгүн чет мамлекеттерде бизнестери жана турак-жайлары бар. Көпчүлүгү анын Кыргызстандан уурдаган акчалары менен түптөгөн. Алар үчүн мамлекеттин жок болуп кетүү коркунучу деле тыйынга арзыбайт. 


Бирок, мамлекет биз үчүн, карапайым эл үчүн керек. Биз өз мамлекетибизде гана бактылуу боло алабыз. Мамлекети жок улуттардын көздөгөнү да, көйгөйү да дал ушул мамлекеттүүлүктөрүнүн жоктугу экенин жакшы билебиз. «Үңкүр да болсо өз үйүңдүн болгону жакшы» дейт элибиз. Чакан, кичинекей болсо да өзүбүзгө гана тиешелүү мамлекетибиздин бардыгы – биздин бактыбыз. Демек, аны сактап калуу, өнүктүрүү, бакубат кылуу өзүбүздүн колдо. Ал үчүн 30 жылдан бери саясий оюндарды жасап жүрүп, мамлекетибизди ушундай абалга кептеген саясий элитаны алмаштыруу абзел. Муну биз бир гана шайлоо жолу менен ишке ашыра алабыз. Революция жолу менен эч качан саясий элита алмашпай турганын көрдүк. Эми алдыдагы парламенттик шайлоодо мурдагыдай 1000-2000 сомго добуш сатууну кан буугандай токтотуу керек. Жердешчилик сыяктуу өнөкөттү да унутуучу убакыт келди. Бакылдагандар, бапылдагандар, популисттер кой кайтарышсын, мамлекеттен уурдагандар депутаттык креслодо эмес, түрмөдө отурушсун, ал эми жаңы парламентке жетик билимдүүлөр, креативдүү ойлонгондор, мамлекетти өнүктүрүп кете ала тургандар келишсин. Бул нерсе шайлоочулардын колунда. 


Бизге эл башына кыйын күн түшүп турганда 200-300 миң сомдон «отпускной» алып эс алууга кетип калган депутаттардын эми кереги жок. Алардын бирөөсү дагы «Мамлекетибиз кыйналып турат, жалпы депутаттар 3-4 айлык эмгек акыбыздан баш тарталы» деген сунушту айта алышкан жок. Болбосо, парламентте дээрлик 80%ы байманалуулар отурат. Анан кантип алар мамлекет үчүн күймөк эле?


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн