Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 01:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Пандемия шартында Ошто 120 орундуу бала бакчанын курулушу башталды (ФОТО)

23.07.2020 08:52
1328
Пандемия шартында Ошто 120 орундуу бала бакчанын курулушу башталды (ФОТО)


 

Ош шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгына (Южный кичи району) 120 орундуу жаңы бала бакчанын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

 

Капсула салуу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана жергиликтүү тургундар катышты.

 

Шаар мэри бала бакча жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жатканын айтып, ар бир кичи районго бала бакча куруу пландалганын билдирди. “Заманбап бала бакча курулат. Курулуш иштери жылдын аягына чейин аяктайт. Бүгүнкү күндө 2 бала бакчанын курулушу бүттү. Бала бакчаларга уруксат берилгенде ишке кирет. Мындан тышкары 3 жерде бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Биздин максат - бала бакчалардын санын көбөйтүп, балдарыбызды жакшы тарбиялоо”, - деди шаар мэри.

 

Южный кичи районунда курулушу башталган бала бакчанын сметалык баасы 25 млн 970 миң сом.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн