Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пандемия шартында медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда, - Өкмөт

23.06.2020 19:39
878
Пандемия шартында медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда, - Өкмөт



Вице-премьер-министр Аида Исмаилова COVID-19 коронавирус пандемиясы шартында кошумча чараларды тартуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

 

 

Кеңешме катышуучулары тарабынан белгиленгендей, пандемия шартында медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда, буга байланыштуу кошумча кадрдык ресурстарды тартуу зарылдыгы келип чыгууда. 

 

Жыйындын соңунда Билим берүү жана илим министрлигине жогоку окуу жайлардын ректорлору менен биргеликте Саламаттыкты сактоо министрлигине ЖОЖ окутуучуларынын жана клиникалык ординаторлордун катарынан мобилдик бригадаларда, call-борборлордо жана саламаттык сактоо тутумунун мекемелеринде иштөө үчүн дарыгер-адистердин тизмесин сунуштоо тапшырылды.

 

Кеңешмеге саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Бишкек шаардык мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын начальниги Бактыгүл Исмаилова, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иши башкармалыгынын начальниги Рыспек Жолдошбаев катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн