Бугу 12, 2024
Убакыт: 04:29
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Пандемия шартындагы дүйнөлүк мода жумалыктары (фото, видео)

14.07.2020 18:45
1027
Пандемия шартындагы дүйнөлүк мода жумалыктары (фото, видео)


Дүйнөлүк пандемия шартында бул жылы мода жумалыктары онлайн форматта өткөрүлүүдө. Кечээ, 13-июлда Лондон шаарында мода жумалыгы онлайн режимде башталды. Мындан мурун Францияда дагы мода көрсөтмөлөрү социалдык тармактар аркылуу түз берилген.

Уюштуруучулар дүйнөлүк пандемиянын шартында жаңы платформаларды иштеп чыгып, мода индустриясы тууралуу атайын көрсөтмөлөрдү, маектерди жана кыска фильмдерди сунуштап жатышат. Ар бир бренддин өзүнүн жеке профили бар жана ал туруктуу жаңыланып турмакчы.

Бул жылы Лондон жумалыгына 100 дизайнер катышат. Бирок бардык эле бренддер жаңы реалдуулукка даяр эмес экен. Мисалы, Burberry жана Victoria Beckham быйылкы иш-чарага катышуудан баш тартты.

Ошентсе да социалдык тармактар аркылуу онлайн форматта берилип жаткан көрсөтүүлөргө мода сүйүүчүлөр активдүү катышып жатканы байкалууда.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн