Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Пандемия учурунда 4 миң адам өлүп, сырттан келген жардамдар тонолгонбу?

20.01.2021 09:40
502
Пандемия учурунда 4 миң адам өлүп, сырттан келген жардамдар тонолгонбу?


Кыргызстанда пандемия учурунда коронавирустан өлгөндөр буга чейин айтылган расмий статистикадан көп болушу мүмкүн. Бул тууралуу пандемиядагы жоготууларды жана сырттан келген гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген мекеме аралык комиссиянын жыйынтыгында айтылганын “Азаттык” үналгысы маалымдады.


Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева пандемия учурунда 4 миңден ашык адам өлгөнүн айткан. “Коронавирустан каза болгон адамдардын жалпы саны азыр 1390 деп берилип жатпайбы. Чындыгында бул көрсөткүч 4 миңден ашык экенин аныктадык”, - деген ал.


Мындан сырткары коронавирус күч алып турганда сырттан келген жардамдар уурдалып, айрым жетекчилер тарабынан тонолгону кабарланууда. Тиешелүү органдар бул ишке катыштыгы бар адамдарды жоопко тартабы?

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн