Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:29
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК: Социалдык өнүгүү министрлигинин сектор башчысы кармалды

УКМК: Социалдык өнүгүү министрлигинин сектор башчысы кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК пандемия учурунда КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан жогорулатылган баада майыптар коляскасын сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Такталгандай, КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан, пандемия учурунда 522 даана майыптар коляскасын 57 миң сомдон сатып алып жалпы суммасы 28 миң 754 миң сомду түзгөн, ал эми майыптар коляскасынын базардагы баасы 15 миң сом болгон.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери өз иш-аракеттери менен мамлекеттик бюджетке 15 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен.

Жогорудагы факт боюнча мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси (Билип туруп пайдасыз контракт түзүү) фактысы боюнча жогорудагы адамдар кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды ныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн