Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:34
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Пандемияда Альтернативдүү олимпиаданын III этабында 97 окуучу жеңүүчү деп таанылды

14.07.2020 16:03
910
Пандемияда Альтернативдүү олимпиаданын III этабында 97 окуучу жеңүүчү деп таанылды


Пандемия мезгилинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Альтернативдүү олимпиаданын III этабынын жыйынтыгында рейтинг боюнча эң жогорку балл алган 97 окуучу жеңүүчү деп таанылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аларга активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар тапшырылат.

Бул олимпиаданын эң башкы максаты - эл аралык олимпидага мыкты окуучуларды тандап алуу болуп саналат.

Эл аралык олимпиадалар өтө турган болсо, анын уюштуруу комитети тарабынан бекитилген квотага ылайык, Альтернативдүү олимпиадага катышкан 97 окуучунун ичинен рейтинг боюнча эң жогорку балл алган окуучулар математика, физика, химия, биология, информатика предметтери боюнча сынакка катышышат, ал эми калгандары резервде болушат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн